Илхам Алиев : "Армения ок атышпоо режимин бузду"

Алиев ушул кезге чейин Армениянын 252 танкасы менен 6 даана С  - 300 ракеталык системасынын жардырылгандыгын да белгиледи.

1516138
Илхам Алиев : "Армения ок атышпоо режимин бузду"

Азербайжандын президенти Илхам Алиев  өлкөсүндөгү түрк Ф  - 16лардын андан мурда машыгуу үчүн келгендигин, бирок боордош Түркия тарабынан моралдык колдоо үчүн Азербайжанда экендигин айтып : " Эгерде бизге каршы бир кол салуу боло турган болсо анда Ф  - 16ларды көрүшөт",- деди. 

Алиев улутка кайрылуу сөзүндө : "Менден түрк Ф  - 16лары силерде эмне кылып жатышат деп сурашты. Жооп берүүдөн чарчадым. Баары билгендей Ф  - 16лар жерде күтүп жатат. Машыгуу үчүн келишкен. Түрк боордошторубуз аларды бизге моларлдык колдлоо берүү үчүн бул жерде кармап турат. Эгерде бизге каршы тыштан кол салуу боло турган болсо анда ал Ф  - 16ларды көрүшөт",- деди. 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын бүгүн эрте менен ишке кирген ок атышпоо режимин бузгандыгын айтты. Алиев улутка кайрылуу сөзүндө өлкөсүнүн туткундар менен жаназалардын алмыштырылышы үчүн ок атышпоого ыраазы болгондугун бирок Армениянын бир канча минута өткөндөн кийин ок атышпоо режимин бузгандыгын белгиледи.

Азербайжандын президенти Алиев : «Ок атышпоону каалагандар Арменияга курал жиберүүдө. Тизмеси менде бар. Ок атышпоону каалагандар эмнеге курал жиберип жатат»,- деди.

Илхам Алиев : «Армения колдоочулары сиздерге кайрылам. Куткарууну каалап жатсаңар Арменияга айткыла  жерибизден чыгышсын. Бир айткан сөзүңөр менен чыгышат»,- деди.

Алиев сөзүндө ушул кезге чейин Армениянын 252 танкасы менен 6 даана С  - 300 ракеталык системасынын жардырылгандыгын да белгиледи.

АКШнын Азербайжан менен Армениянын Тоолуу Карабахта адамзаттык максатта убактылуу ок атышуу режими жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө ишке кирген.

Армения армиясы саат 08:05те ок атышпоо режимин бузуп басып алган Лачын шаары багытында Лачындын Сефиян айылында жайгашкан Азербайжан бөлүктөрүнө жана Агдам аймагына, Тертер шаары менен айылдарына ок аткан.



Тектеш кабарлар