Кыргызстанда парламенттик шайлоо 20-декабрда кайрадан өткөрүлөт
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясы жазуу түрүндө билдирүүсүн жарыялады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоону 20-декабрда кайрадан өткөрүү чечими кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 120 орундуу Жогорку Кеңештин мүчөлөрүн аныктай турган шайлоону кайрадан 20-декабрда өткөрүү үчүн шайлоонун календары жана бюджети бекитилгени айтылган.
Өлкөдө 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары 7% дык босогодон өтө албай калган 12 саясий партиянын тарапташтары уюштурган демонстрациялардын натыйжасында жокко чыгарылган болчу.
Тектеш кабарлар

Түрк Кеңеши "Кара январды" эскерди
Түрк Кеңеши, Баку кыргынына байланыштуу эскерүү билдирүүсүн жарыялады.

Шушанын 2022-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланышы сунушталды
Азербайжан армиясы 2020-жылдын 8-ноябрында Шушаны оккупациядан бошоткон болчу.