Түрк Кеңешинин Жаштар платформасы дагы Азербайжанды колдоду

Түрк Кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Түрк Кеңешинин Жаштар платформасынын директорлор кеңеши аймактагы учурдагы абалдарды талкуулоо үчүн онлайн режиминде чогулушту.

1512103
Түрк Кеңешинин Жаштар платформасы дагы Азербайжанды колдоду

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташтык Кеңешинин (Түрк Кеңеши) Жаштар платформасы Армениянын баскынчылыгындагы аймактарын сактап калуу үчүн күрөшүп жаткан Азербайжанды колдой тургандыгын билдирди.

Түрк Кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Түрк Кеңешинин Жаштар платформасынын директорлор кеңеши аймактагы учурдагы абалдарды талкуулоо үчүн онлайн режиминде чогулушту.

Жыйынга Азербайжандын Жаштар жана спорт министринин орун басары Интигам Бабаев, Түрк Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Гисмат Гозалов жана бардык мүчө мамлекеттерден Жаштар платформасы башкармасынын мүчөлөрү катышты.

Армениянын Азербайжанга жасаган акыркы аскердик чабуулдары талкуунун негизги темасы болгон жыйында, Жаштар платформасынын Аткаруу комитети, Армениянын Азербайжан аймагындагы жарандык буталарга бейкапар жана туш келди кол салуу жолу менен эл аралык гуманитардык укукту ачыктан-ачык бузгандыгын айыптады жана аны токтотуу үчүн эл аралык коомчулукту чараларды көрүүгө чакырды.

Азербайжандын Жаштар жана спорт министринин орун басары Бабаев, Жаштар платформасынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жаңжал башталгандан бери Азербайжандын адилеттүү ишин коргоодогу Министрликтин жана Азербайжан жаштарынын өкмөттүк эмес уюмдарынын ролу жөнүндө маалымат берди.

Түрк Кеңешинин башкы катчысынын орун басары Гозалов, катышуучуларга Түрк Кеңешинин бул маселе боюнча жасаган кадамдары жөнүндө маалымат берди. Түрк Кеңешинин Генже жана Азербайжандын башка шаарларындагы жарандарга каршы өзүм билемдик менен кылган кол салуулары үчүн Арменияны айыптагандыгын эске салган Гозалов, Армения-Азербайжан жаңжалын тез арада Азербайжандын эл аралык таанылган чек араларынын эгемендигинин, аймактык бүтүндүгүнүн жана кол тийбестигинин негизинде чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Гозалов ошондой эле Армениянын куралдуу күчтөрүн Азербайжандын бардык оккупацияланган жерлеринен токтоосуз, шартсыз жана толугу менен чыгарып кетүүнү талап кылган 1993-жылы кабыл алган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын эске салды.

Түрк Кеңешинин Жаштар платформасынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү Азербайжандын оккупацияланган аймактарды кыска мөөнөттө бошотуу үчүн адилеттүү күрөшүн колдоп, Азербайжандын мыйзамдуу күрөшүн колдоо үчүн кийинки кадамдар үчүн жол картасын кабыл алышты.



Тектеш кабарлар