Азербайжан Армениянын кол салууларына жооп кайтарууда

Азербайжан армиясынын Армения күчтөрүнө таандык 2 Т-72 танкасын, 4 Град ракеталык системасын, 1 Д-30 гаубицасын жана 5 унаасын жок кылгандыгы билдирилди.

1512343
Азербайжан Армениянын кол салууларына жооп кайтарууда

Азербайжан армиясынын жерлерин бошотуу үчүн баштаган операциясы улантылууда.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта түнү менен Агдере, Агдам, Фузули, Хадрут, Жебраил, Губадлы жана Зенгилан багыттарында каршы турууга аракет кылган Армения күчтөрүнө каршы операциялардын улантылып жаткандыгы белгиленди.

Армения күчтөрүнүн Азербайжан армиясынын коргонуу тилкесине замбирек жана миномет менен ок аткандыгы белгиленген маалыматта Азербайжан армиясынын Армения күчтөрүнө таандык 2 Т-72 танкасын, 4 Град ракеталык системасын, 1 Д-30 гаубицасын жана 5 унаасын жок кылгандыгы билдирилди.

Маалыматта операцияларда көп сандаган Армения аскеринин жок кылынгандыгы, фронтто абалдын Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги белгиленди.

 



Тектеш кабарлар