ТКТРнын президенти Эрсин Татарга күбөлүгү тапшырылды

ЖШК төрайымы Нарин Ферди Сефик кечээ өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасынан кийин президент болуп шайланган Татарга күбөлүгүн тапшырды.

1511988
ТКТРнын президенти Эрсин Татарга күбөлүгү тапшырылды

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (Түндүк Кипр) Президенти Эрсин Татар күбөлүгүн алды.

Баш калаа Левкошадагы Жогорку шайлоо кеңешинин (ЖШК) кампусунда өткөрүлгөн салтанатта ЖШК төрайымы Нарин Ферди Сефик кечээ өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасынан кийин президент болуп шайланган Татарга күбөлүгүн тапшырды.

Татар ага добуш бергендерге да, добуш бербегендерге дагы ыраазычылыгын билдирип, беш жыл жүргүзө турган ТКТРдин президенттиги милдетинин өзүнө берилишинин өлкөгө пайдалуу болушун каалады.

Президент Татар: «Эң негизгиси, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эң догорку органы болгон президенттик макамында, ТКТР жана Кипр түрк элинин бактысы жана жыргалчылыгы үчүн иштөө болуп саналат. Ушул жоопкерчиликти түшүнүү менен, мен бул милдетти эң мыкты аткарам деген ишенимимди сиздер менен бөлүшүп жатам. Элиме дагы бир жолу мага болгон ишенимдеринен улам ырахмат айтамын»,- деди.

Президент Татар, шайлоонун жыйынтыктары Расмий гезитке жарыялангандан кийин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Республикалык Мажлисинде ант берип, кызматын баштайт.

Кечээ ТКТРда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Улуттук Биримдик партиясынын (UBP) талапкери Эрсин Татар добуштардын 51,69 пайызын алып президент болуп шайланды.



Тектеш кабарлар