Азербайжан армиясы дагы 13 айылды Армениянын басып алуусунан бошотту
Президент Илхам Алиев Твиттердеги аккаунтунда Армения армиясы 18-октябрда күчүнө кирген убактылуу гуманитардык ок атышпоо келишимин ачык эле бузганы жөнүндө маалымат бөлүштү.
Азербайжан армиясы Жабраил провинциясынын дагы 13 айылын армян баскынчыларынан бошотту.
Президент Илхам Алиев Твиттердеги аккаунтунда Армения армиясы 18-октябрда күчүнө кирген убактылуу гуманитардык ок атышпоо келишимин ачык эле бузуп, Азербайжандын жарандык конуштарына жана позицияларына каршы катуу артиллериялык аткылоо жүргүзгөнүн билдирди.
Бул кол салууда каза тапкандардын жана жаракат алгандардын бар экендигин айткан Алиев, Азербайжан армиясынын керектүү жооп кайтаргандыгын жана бир нече калктуу конуштарды басып алуудан сактап калгандыгын белгиледи.
Алиев, өз билдирүүсүндө, «Жабраил провинциясынын Солтанлы, Эмирварлы, Машанлы, Хасанлы, Аликейханлы, Кумлак, Хажылы, Гөйерчинвейселли, Ниязгүллар, Кечел Мамедли, Шахвелли, Хажы Исмайыллы жана Исакли айылдары оккупациядан куткарылды. Карабах Азербайжандыкы», маалымат берди.