Азербайжан Армениянын согуштук учагын атып түшүрдү

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:30 чамасында, сөз болгон учак Жабраил багытында Азербайжан армиясына кол салууга аракет кылгандыгы маалымдалды.

1511236
Азербайжан Армениянын согуштук учагын атып түшүрдү

Азербайжандын Коргоо министрлиги Арменияга таандык Су-25 согуштук учагы жок кылынганын жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:30 чамасында, сөз болгон учак Жабраил багытында Азербайжан армиясына кол салууга аракет кылгандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө Су-25 үлгүсүндөгү учак Азербайжан армиясынын абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынганы айтылды.

Азербайжан армиясы кечээ дагы ушул багытта Армения армиясына таандык Су-25 согуштук учагын атып түшүргөн.

Министрликтин мурунку билдирүүсүндө, армян тарап тараткан Азербайжан аскерлери курчоодо турат деген маалымат жалган маалымат жана дезинформация деп айтылган.

Билдирүүдө, «Чындыгында, реалдуу кырдаал таптакыр башкача. Ыкчам артыкчылык бардык фронт боюнча Азербайжан армиясында турат»,делди.

Экинчи тараптан, Азербайжандын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө Армян күчтөрүнүн Жабраил шаарынын айланасына жана Араз дарыясынын жээгиндеги бошотулган айылдарга замбирек жана миномет менен ок ачканы белгиленди.

Азербайжан аскерлеринин арасынан эч кандай өлүм катталбаганы жана армян күчтөрүнө керектүү жооп кайтарылганы билдирилген билдирүүдө, Азербайжан армиясынын бардык фронтто тиешелүү иштерин улантканы белгиленди.

Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө, кечээ ок атышпоо келишими күчүнө киргенге чейин, армян армиясына таандык 2 С-300 зениттик системасынын, 5 Т-72 танкасынын, 3 Grad ракеталык системасынын, 2 Smerch ракета атуучу системасынын, 1 D-20 гаубица, 1 KS-19 ракеталык атуу станциялары  жана ок-дарыларды ташыган 6 унаа жок кылынганы маалымдалды.

Азербайжан менен Армения макулдашкан убактылуу гуманитардык ок ​​атууну токтотуу бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча 00: 00дө күчүнө кирген.



Тектеш кабарлар