Азербайжан-Армения гуманитардык максаттуу убактылуу ок атышпоо боюнча макулдашышты

Ок атышпоо чечими жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 00: 00дө күчүнө кирди.

1511119
Азербайжан-Армения гуманитардык максаттуу убактылуу ок атышпоо боюнча макулдашышты

Азербайжан менен Армения убактылуу гуманитардык ок ​​атууну токтотуу жөнүндө макулдашышты.

Ок атышпоо чечими жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 00: 00дө күчүнө кирди.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүгө ылайык, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун тең төрагалары АКШ, Россия жана Франция президенттеринин 1-октябрда жана ЕККУнун Минск тобунун тең төрагаларынын 5-октябрда жасаган билдирүүсүнө жана 10-октябрдагы Москва декларациясына ылайык кабыл алынганы жарыяланган убактылуу ок атууну токтотуу чечими жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 00: 00дөн баштап күчүнө кирди.

Армения менен Азербайжан Россиянын борбору Москва шаарында өткөн жолугушуулар учурунда 10-октябрь күнү саат 12: 00дөн баштап күчүнө кире турган Тоолуу Карабахта сөөктөрдү жана туткундарды алмашууну болжолдогон гуманитардык «ок атууну токтотуу» жөнүндө чечим кабыл алышкан.

Армения армиясынын ок атууну токтоткондон кийин 24 сааттын ичинде Азербайжандын Генже шаарына ракеталар менен кол салуусунун натыйжасында 10 адам каза болуп, 35 адам жаракат алган.

15-октябрда Тертер шаарындагы көрүстөнгө сөөк коюуга барган жарандарга кол салууда 4 адам каза болуп, 4 адам жаракат алган.

Кечээ Генжеге ракеталар менен дагы бир кол салуу болуп, 13 жайкын тургун каза болуп, 50дөн ашуун жаран жаралуу түрдө урандылардын астынан чыгарылды.



Тектеш кабарлар