Азербайжан Армениянын СУ-25 согуштук учагын атып түшүрдү

Учактын Азербайжан армиясына кол салууга даярданып жаткандыгы белгиленди.

1510796
Азербайжан Армениянын СУ-25 согуштук учагын атып түшүрдү

Азербайжан Арменияга таандык СУ-25 согуштук учагын атып түшүрдү.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.11 чамасында Армениянын Су-25 согуштук учагы Азербайжандын абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлдү. Учактын Азербайжан армиясына кол салууга даярданып жатканы айтылды.

Аймактык маалымат булактар ​​согуштук учактын Тоолуу Карабахтын түштүк бөлүгүндөгү Жабраилде атып түшүрүлгөнүн билдиришти.

Бир тараптан Азербайжан армиясы бүгүн аймакта ийгиликтерге жетишип Физули шаарын жана анын айланасындагы 7 айылды көзөмөлгө алган болчу.



Тектеш кабарлар