Армения азербайжандык жайкын тургундарды бутага алууда

Армениянын кол салууларынын кесепети.

1510810
Армения азербайжандык жайкын тургундарды бутага алууда

Армениянын Азербайжандын калктуу конуштарына артиллерия жана ракеталар менен кол салуусунан 60 жаран каза болуп, 270 жаран жаракат алды.

Азербайжандын Башкы прокуратурасы 27-сентябрдан 17-октябрга чейин Армениянын кол салууларынын натыйжасында болгон жан жоготуулар жана материалдык чыгымдарды жарыялады.

Буга караганда аты аталган мезгилде Азербайжандын 60 жараны каза болуп, 270 жараны жаракат алды.

Армениянын кол салууларында 1704 үй, 90 батир жана 327 коомдук имарат жараксыз абалга келди.

Армения армиясы жарандык конуштарга ок чыгаргандан кийин 27-сентябрда Азербайжан армиясы аларга каршы операция баштаган болчу.

Чоң жоготууга учураган Армения армиясы Азербайжандын жарандык калктуу конуштарына чабуулун артиллерия жана ракеталар менен улантты.

Армения менен Азербайжан Россиянын борбор шаары Москвада өткөн жолугушуулар учурунда 10-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дөн баштап Тоолуу Карабахта сөөктөрдү жана туткундарды алмашууну көздөгөн гуманитардык "ок атышууну токтотуу" боюнча макулдашышкан.

Армения армиясынын Азербайжандын Генже шаарына ок атышпоодон 24 саат өтпөй ракеталар менен кол салуусунун себебинен 10 адам каза болуп, 35 адам жаракат алган.

15-октябрда да Тертер шаарында мүрзөгө сөөк коюу үчүн барган жарандарга кол салууда 4 адам каза болуп, 4 адам жаракат алган.

Бүгүн болсо Генжеге ракеталар менен жасалган кол салууда 13 жайкын тургун каза болду, 45тен ашуун жаран жаракат алды.



Тектеш кабарлар