Кыргызстандагы саясий кырдаал

Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдун арызын бергенден кийин президенттин милдетин аткаруучулук өзүнө берилгендигин жарыялады.

1510011
Кыргызстандагы саясий кырдаал

Кыргызстандын парламенти президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү талабын кабыл алды.

Канат Исаевдин башкаруусундагы 120 депутат Ала-Арча Президенттик Үйүнүн Конгресс борборуна чогулушуп, борбор калаа Бишкектеги Өзгөчө кырдаалды жоюу жана президенттин кызматтан кетүү маселесин талкуулашты.

Жээнбеков, парламенттин төрагасы Канат Исаев жана премьер-министр Садыр Жапаров менен чогуу депутаттар олтурган залга кирди.

Сессияда баш калаа Бишкектеги өзгөчө кырдаалды жоюу жана кечээ күнкү президенттин кызматтан кетүү боюнча алган чечими бир добуштан кабыл алынды.

Добуш берүүгө чейин акыркы жолу парламентте сөз сүйлөгөн Жээнбеков үч жылдык кызматын 15-октябрда аяктагандыгын эске салып, өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана коомдогу бөлүнүп-жарылуунун алдын алуу максатында кызматтан кетүүнү чечкенин билдирди.

Жээнбеков акыркы күндөрү өз өлкөсүндө болуп жаткан окуяларды мыйзамдуу негизге коюу үчүн болгон күчүн жумшагандыгын жана ага колдоо билдирүүлөрүн жөнөткөн өз элине, Россия, Казакстан, Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Англия, ошондой эле Бириккен улуттар уюму менен Европа союзуна жана ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине ыраазычылыгын билдирди.

Парламент төрагасы Исаев дагы президенттин ыйгарым укуктарын премьер-министрге өткөрүп берүү чечимин кабыл алгандыгын жарыялады.

Ошондой эле, Кыргызстандагы түрмөдөн чыккандан кийин премьер-министрдин ордун ээлеген Ата-Журт партиясынын мурдагы депуты Садыр Жапаров, президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик ыйгарым укуктарын өзүнө өткөрүп бергенин жарыялады.

Парламент имаратынын алдында өз тарапкерлерине кайрылуу жасаган Садыр Жапаров, парламенттин төрагасы Канат Исаевдин президенттик милдетин аткарууга даяр эмесмин деп арыз менен кайрылганынан улам "президенттик ыйгарым укуктар мага өттү", - деп айтты.

Жапаровдун кайрылуусун музыкалык коштоо менен куттуктаган анын тарапкерлери өлкөнүн гимнин ырдагандан кийин тарай башташты.

4-октябрда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган оппозициялык партиянын тарапкерлери уюштурган демонстрацияларга карата күч колдонулган. Андан кийин Ак үй басып алынып, талап-тонолгон.

Шайлоонун жыйынтыгын кабыл албаган демонстранттардын айрымдары Жапаровду түрмөдөн чыгарып, "убактылуу премьер-министр" деп жарыялашкан жана президент Жээнбеков парламенттин ишеним добушун алган Жапаровдун башчылыгында түзүлгөн жаңы министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө чечимге кол коюп, андан кийин кызматтан кеткен болчу.

Жээнбековдун кызматтан кетишинен кийин Жапаровдун тарапкерлери парламенттин таратылышын талап кылышкан.

 

 



Тектеш кабарлар