Азербайжан армиясы дагы 3 айылды Армениянын оккупациясынан бошотту

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Твиттердеги жеке баракчасынан билдирүү жасады.

1510574
Азербайжан армиясы дагы 3 айылды Армениянын оккупациясынан бошотту

Азербайжан армиясы, Хожавенд облусунун 3 айылын Армениянын оккупациясынан бошотту.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Твиттердеги жеке баракчасынан бул тууралуу билдирүү жасады.

Алиев билдирүүсүндө Хожавендде дагы 3 айылдын оккупациядан бошотулгандыгын белгилеп: «Баатыр Азербайжандын армиясы Хожавенд облусунун Хирманжык, Акбулак жана Ахуллу айылдарын куткарды. Жашасын Азербайжан армиясы. Карабах Азербайжандын жери» деди.

Армения армиясы жарандык конуштарга ок чыгаргандан кийин 27-сентябрда Азербайжан армиясы аларга каршы операция баштаган болчу.

Чоң жоготууга учураган Армения армиясы Азербайжандын жарандык калктуу конуштарына чабуулун артиллерия жана ракеталар менен улантты.

Армения менен Азербайжан Россиянын борбор шаары Москвада өткөн жолугушуулар учурунда 10-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дөн баштап Тоолуу Карабахта сөөктөрдү жана туткундарды алмашууну көздөгөн гуманитардык "ок атышууну токтотуу" боюнча макулдашышкан.

Армения армиясынын Азербайжандын Генже шаарына ок атышпоодон 24 саат өтпөй ракеталар менен кол салуусунун себебинен 10 адам каза болуп, 35 адам жаракат алган.

Кечээ да Тертер шаарында мүрзөгө сөөк коюу үчүн барган жарандарга кол салууда 4 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды.



Тектеш кабарлар