Алиев: «Азербайжан эч кандай шартта Тоолуу Карабахтын оккупацияланышына макул болбойт»

Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Риа Новости маалымат агенттиги менен маектешти.

1510160
Алиев: «Азербайжан эч кандай шартта Тоолуу Карабахтын оккупацияланышына макул болбойт»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабахтын Азербайжан үчүн боштондук согушу экендигин белгилеп: «Азербайжан эч кандай шартта Тоолуу Карабахтын басылып алынышына макул болбойт»,-деди.

Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Россияга караштуу Риа Новости маалымат агенттиги менен маектешип, ушул эле суроолорго жооп беришти.

Азербайжандын президенти Алиев дагы бир жолу өзүнүн кызыл сызыктарын жарыялап, эч кандай шартта жол бербөө жөнүндө билдирүү жасады.

«Биздин позициябыз ар дайым абдан конструктивдүү жана ырааттуу болгон, биз кызыл сызыктарыбызды так түрдө белгилеп келгенбиз. Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн эч кандай шартта бузууга болбойт, Азербайжан эч кандай шартта Тоолуу Карабахтын оккупацияланышына макул болбойт»,-деди.

Алиев ар бир согуш азаптуу, бирок Азербайжан эли үчүн боштондук, Армения үчүн болсо баскынчылык согуш деп билдирди.

Азербайжандын президенти, жалданма аскерлер Азербайжан армиясынын катарында деген дооматты кескин четке кагып: «Бизге аскердик мааниде чет өлкөлүк катышуунун кереги жок. Биздин армия 100 миңден ашуун жоокерден турат, учурда аскердик бөлүктөрүбүз берилген ар бир тапшырманы аткара алат»,- деди.

Армениянын премьер-министри Пашинян болсо алардын фронтто өтө оор абалда калгандыгын мойнуна алып, көптөгөн жоготууларга учураганын айтты.

Макулдашууга даяр экендиктерин белгилеген Пашинян Армениянын жарандык калктуу конуштарга жасаган кол салууларын көрмөксөнгө салып: «Биз Москвада макулдашылган кадамдарды жасоого даярбыз», деди.



Тектеш кабарлар