Президент Жээнбековдун парламенттик шайлоодон кийин кызматтан кетээри билдирилди

Президенттин басма сөз катчысы Толганай Стамалиева, президент Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаровдун жолугушуусуна байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1509179
Президент Жээнбековдун парламенттик шайлоодон кийин кызматтан кетээри билдирилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоо өтүп, президенттик шайлоо жарыяланган соң, кызматтан кетүү чечимин кабыл алгандыгы маалым болду.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева, президент Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаровдун жолугушуусуна байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

 Жапаров өзүнүн кызматтан кетүү боюнча өтүнүчүн президент Жээнбековго жеткиргендигин баса белгилеген Толгонай Стамалиева, Жээнбековдун «Мындан кийинки окуялар мамлекетке каршы күтүүсүз сценарийге алып келиши мүмкүн ошондуктан азыр кызматтан кетүүнү туура эмес деп эсептейм»,-деп айтканын билдирди.

Стамалиева, «Жээнбеков парламенттик шайлоодон жана президенттик шайлоо жарыялангандан кийин кызматтан кетерин айтканын»  баса белгиледи.



Тектеш кабарлар