Президент өкмөт башчыны жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, «Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

1509126
Президент өкмөт башчыны жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду
Kırgızistan Başbakanı Sadır Caparov.jpg
Kırgızistan Cumhurbaşkanı S.Ceenbekov kabul.jpg

2020-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйынында Канатбек Исаев Парламенттин жаңы Төрагасы болуп шайланды.

2020-жылдын 14-октябрында Жогорку Кеңештин депутаттары Өкмөт башчылык кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин жана ал сунуштаган Өкмөттүн программасын, курамын жана түзүмүн бекитишти.

Ошол эле күнү, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Кеңеш Төрагасы Канатбек Исаев жана өлкөнүн Премьер-министри Садыр Жапаров менен жолугушту.

 Мамлекет башчысы аларды кызмат орундарына дайындалышы менен куттуктады. Иштерине ийгиликтерди каалап, жаратман ишмердүүлүгү коомчулукка жана өлкөгө пайда алып келерине бекем ишеним артты. 

Президент бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус инфекциясы пандемиясынын экинчи толкунуна ошондой эле күз-кыш жылытуу мезгилдерине даярдык маселелери курч тургандыгын баса белгиледи. Ошондой эле ал кыска мөөнөттөгү пландардан сырткары, ичинде экономиканы калыбына келтирүү, инвестиция тартуу, мамлекеттин социалдык милдеттери жана башкалар камтылган өлкөнү өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү программаларды дагы иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн туруктуулугу жана аны өнүктүрүү үчүн тараптар менен диалогго ар дайым даяр экенин баса белгиледи.

Булак; КТРК

 



Тектеш кабарлар