Кыргызстанда убактылуу өкмөт башчы С.Жапаров, Парламент төрагасы М.Абдылдаев...

Кыргызстандагы саясий кризис...

1504096
Кыргызстанда убактылуу өкмөт башчы С.Жапаров, Парламент төрагасы М.Абдылдаев...
Kırgızistan Sadır Caparov Ala-Too Meydanında.jpg
Киргизстан.jpg
Kırgızistan Hükümet binası.jpg
Kirgistan.jpg

 

Кыргызстанда шайлоонун жыйынтыгын кабыл албаган оппоненттердин мамлекеттик мекемелерди басып алышы уланып жатканда, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтарынан кетишти.

Шайлоо босогосунан өтпөй калган деп айтылган саясий партиялардын тарапкерлеринин уюштуруусунда борбор калаадагы Достук мейманканасында Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин мүчөлөрүнөн турган жалпы чогулуш болуп өттү.

Көпчүлүк камсыздалган жыйында парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков менен премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу каттары көрсөтүлдү.

Экинчи жагынан, Жогорку Кеңештин мүчөлөрү депутат Мыктыбек Абдылдаевди Жогорку Кеңештин төрагасы кылып, Садыр Жапаровду убактылуу премьер-министр кылып шайлашты.

Кыргызстандагы саясий кризис

Кыргызстанда жекшемби күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан 12 саясий партиянын жактоочулары шайлоону жокко чыгарууну талап кылып нааразычылык акцияларын уюштурушту.

Миңдеген адамдардын катышуусунда өткөн демонстрацияда айтылган талаптар аткарылбай калганда, оппозиция Президенттик сарайга жөнөштү.

Бул жерде полициянын катуу кийлигишүүсүнө туш болгон оппоненттер 7 сааттык мушташтан кийин Ак үйдү басып алышты.

Ошондой эле, оппоненттер президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда камалган «саясий туткундарды» бошотушту.

Окуяларда бир адам каза болуп, 590 адам жаракат алды.

Өлкөдөгү окуялар көзөмөлдөн чыгып жатканда, «Жээнбеков кызматтан кетеби же жокпу?» деген суроо туулат.



Тектеш кабарлар