Кыргызстандагы окуялар

Демонстранттар кечээ кечинде президенттик сарайды жана парламент имаратын ээлеп алышты.

1503592
Кыргызстандагы окуялар
Kırgızistan olaylar.2 .jpg

4-октябрь, жекшемби күнү Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан нааразычылык акциясында бир адам өмүрүнөн айрылып, 590 адам жаракат алды.

Демонстранттар кечээ кечинде президенттик сарайды жана парламент имаратын ээлеп алышты.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан  шайлоонун 7 пайыздык босогосун ашпагандыгы айтылган 12 партиянын тарапкерлери борбор калаа Бишкектеги Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Полиция, саны 5000ден ашуун деп айтылган демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонду.

Таштар жана таяктар менен муниципалдык өрт өчүргүчтөрдү жана таштанды ташуучу унааны полицияны көздөй айдаган демонстранттар, полиция чегингенде мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Ак үйдү жана ичиндеги парламентти басып алышты.

Демонстранттардын айрымдары президенттик сарайда кала берсе, калгандары Ала-Тоо аянтын жана саясий туткундар жаткан абакты көздөй жылышты.

Ала-Тоо аянтындагы демонстранттар үн күчөткүчтөрдөн «Ак үйдү алдык» жана «Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапаровду бошотуш керек» деп жар салышты.

Демонстранттар экс-президент Алмазбек Атамбаевди алар ээлеген абактан чыгарып, тарапташтарына өткөрүп беришти.

Андан соң Садыр Жапаровду абактан чыгарып Ала-Тоо аянтындагы калың элдин алдына сөз сүйлөө үчүн алып келишти. Жапаров тополоңдун арасынан элди тынчтанууга жана бардыгын мыйзам менен болууга чакырды.

Башка жагынан алганда, президенттик сарайдын жогорку кабаттарында эртең мененки саатта белгисиз себептерден улам өрт чыкты.

Өрт өчүргүчтөрдүн кийлигишүүсү менен өрт көзөмөлгө алынып жатканда имаратта муздатуу иштери уланууда.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Президенттик аппаратты жана парламенттин имаратын ээлеп алган демонстранттардын артындагы күчтөргө кайрылып, «Биз кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чараларды көрдүк. Мамлекеттеги жана коомдогу туруктуулук парламенттик мандаттан жогору турат», - деди.

Өлкөдөгү өзүнүн абалы анын көзөмөлүндө деп айткан Жээнбеков бардык саясий күчтөрдү өлкөнүн кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюуга жана мыйзамга баш ийүүгө чакырды.

Жээнбеков окуялардын артында турган саясий партиялардан алардын тарапташтарын тынчтандырып, аларды жүргөн жеринен чыгарууну жана тарапкерлеринен чагымчыл аракеттерден алыс болууну талап кылды.



Тектеш кабарлар