Кыргызстанда шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылды, мурдагы Парламент чогулуп жыйын өткөрөт...

Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоодон кийин кечээ жана бүгүн анын жыйынтыгына нааразы болгон көптөгөн адамдар көчөгө чыгып, бир адам өмүрүнөн айрылып, 590 адам жаракат алышты.

1503745
Кыргызстанда шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылды, мурдагы Парламент чогулуп жыйын өткөрөт...
Kırgızistan Hükümet binası.jpg
Kırgızistan Koordinasyon Kurulu üyeleri.jpg
Kırgızistan Sadır Caparov Ala-Too Meydanında.jpg
Kırgızistan Sadır Caparov.jpg
Kırgızistan olaylar. 1.jpg

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды.

Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоодон кийин кечээ жана бүгүн анын жыйынтыгына нааразы болгон көптөгөн адамдар көчөгө чыгып, бир адам өмүрүнөн айрылып, 590 адам жаракат алышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков окуялардан кийин жасаган билдирүүсүндө, шайлоо кеңешине иликтөө жүргүзүүнү тапшырганын жана мыйзам бузуулар аныкталса, шайлоону жокко чыгаруу карала тургандыгын айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгын кабыл албаган оппоненттер мамлекеттик мекемелерди басып алса, өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөө үчүн Координациялык Кеңеш түзүлдү.

Координациялык кеңештин башчысы болуп “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров дайындалды, анын курамына мурдагы премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариев дагы кирди.

Мадумаров журналисттерге билдиргендей, Координациялык кеңештин максаты - Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков башында турган өкмөттүн отставкасын талап кылуу, ошондой эле өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлгө алуу жана мыйзамдуу негиздерди орнотуу үчүн мурунку парламент мүчөлөрүн чогултуу.

Ал арада, Дастанбек Жумабековдун төрагалыгы астында парламент депутаттары бүгүн мейманканада жолугушаары айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы  тарабынан  шайлоодо 7 пайыздык босогосун ашпагандыгы айтылган 12 партиянын тарапкерлери борбор калаа Бишкектеги Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Демонстранттар кечээ кечинде президенттик сарайды жана парламент имаратын ээлеп алышты.

Полиция, саны 5000ден ашуун деп айтылган демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонду.

Таштар жана таяктар менен муниципалдык өрт өчүргүчтөрдү жана таштанды ташуучу унааны полицияны көздөй айдаган демонстранттар, полиция чегингенде мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Ак үйдү жана ичиндеги парламентти басып алышты.

Демонстранттардын айрымдары президенттик сарайда кала берсе, калгандары Ала-Тоо аянтын жана саясий туткундар жаткан абакты көздөй жылышты.

Ала-Тоо аянтындагы демонстранттар үн күчөткүчтөрдөн «Ак үйдү алдык» жана «Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапаровду бошотуш керек» деп жар салышты.

Демонстранттар экс-президент Алмазбек Атамбаевди алар ээлеген абактан чыгарып, тарапташтарына өткөрүп беришти.

Андан соң Садыр Жапаровду абактан чыгарып Ала-Тоо аянтындагы калың элдин алдына сөз сүйлөө үчүн алып келишти. Жапаров тополоңдун арасынан элди тынчтанууга жана бардыгын мыйзам менен болууга чакырды.

Башка жагынан алганда, президенттик сарайдын жогорку кабаттарында эртең мененки саатта белгисиз себептерден улам өрт чыкты.

Өрт өчүргүчтөрдүн кийлигишүүсү менен өрт көзөмөлгө алынып жатканда имаратта муздатуу иштери уланууда.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Президенттик аппаратты жана парламенттин имаратын ээлеп алган демонстранттардын артындагы күчтөргө кайрылып, «Биз кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чараларды көрдүк. Мамлекеттеги жана коомдогу туруктуулук парламенттик мандаттан жогору турат», - деди.

Өлкөдөгү өзүнүн абалы анын көзөмөлүндө деп айткан Жээнбеков бардык саясий күчтөрдү өлкөнүн кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюуга жана мыйзамга баш ийүүгө чакырды.

Жээнбеков окуялардын артында турган саясий партиялардан алардын тарапташтарын тынчтандырып, аларды жүргөн жеринен чыгарууну жана тарапкерлеринен чагымчыл аракеттерден алыс болууну талап кылды.



Тектеш кабарлар