Алиев: «Түркия бизге моралдык колдоо көрсөткөн өлкө»

Россиянын мамлекеттик "Россия-24" каналына маек берген Алиев, Армениянын Азербайжанга каршы кол салууларынын натыйжасында Тоолуу Карабахтагы чыңалуу күчөп жаткандыгы жөнүндө билдирүү жасады.

1499710
Алиев: «Түркия бизге моралдык колдоо көрсөткөн өлкө»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркиянын Армения менен жаңжалдашкан тарап эмес, Азербайжанга моралдык гана колдоо көрсөткөн өлкө экенин айтты.

Россиянын мамлекеттик "Россия-24" каналына маек берген Алиев, Армениянын Азербайжанга каршы кол салууларынын натыйжасында Тоолуу Карабахтагы чыңалуу күчөп жаткандыгы жөнүндө билдирүү жасады.

Армениянын кол салууларында Азербайжан аскерлери жана карапайым адамдар курман болгонун белгилеген Алиев: «Биз өз элибизди жана жерибизди коргоо үчүн агрессивдүү өлкөгө жооп беришибиз керек болчу»,-деди.

Илхам Алиев, Тоолуу Карабахта, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжалда Түркиянын тарап эмес экендигин айтып, «Түркиянын ролу региондогу абалды турукташтырууга багытталган. Түркия биздин тууган өлкөбүз жана шериктешибиз болуп саналат. Кагылышуулар башталгандан тарта, Түркия, Президенти (Режеп Таййип Эрдоган) жана башка жетекчилер Азербайжанды жана эл аралык укук деңгээлин колдошту. Себеби, Армения, Азербайжандын жерлерин басып алуу менен эл аралык укукту одоно түрдө бузууда»,-деди.



Тектеш кабарлар