Азербайжандын президенти Илхам Алиев Гутерреш менен сүйлөштү

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка ылайык Алиев Гутеррешке Армениянын Азербайжанга каршы жасаган кол салуулары тууралуу маалымат берди.

1499368
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Гутерреш менен сүйлөштү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабах меселесинин Армения армиясы басып алган жерлерден дароо чыгышын талап кылган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү чечимдеринин негизинде чечилиши керектигин билдирди.

Илхам Алиев БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш менен видеоконференция аркылуу сүйлөштү. Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка ылайык Алиев Гутеррешке Армениянын Азербайжанга каршы жасаган кол салуулары тууралуу маалымат берди. Алиев кол салууларда аскердик жана жарандык жоготуулардын болгондугун айтып, Азербайжандын коргонуу максатында каршы чабуулга өткөнүн белгиледи.

Армения башкаруусунун сүйлөшүү процессин атайын бузгандыгын, Армениянын премьер  - министри Николь Пашиняндын : «Тоолуу Карабах Арменияныкы»,- деген билдирүүсүнүн процесске олуттуу сокку ургандыгын белгилеген Алиев : «Тоолуу Карабахта маселе бир гана эл аралык мыйзам эрежелери менен Азербайжандын жеринин бүтүндүгүнүн алкагында Армения армиясы басып алган жерлерден дароо, шартсыз жана толугу менен чегинишин талап кылган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү чечимдеринин негизинде чечилиши керек»,- деди.



Тектеш кабарлар