Илхам Алиев менен Еммануэль Макрон телефон аркылуу сүлөштү

Алиев Армения башкаруусунун сүйлөшүү процессин атайылап бузгандыгын, Николь Пашиняндын : «Тоолуу Карабах Армениянын»,- деген билдирүүсүнүн процесске тескери сокку ургандыгын айтты.

1498629
Илхам Алиев менен Еммануэль Макрон телефон аркылуу сүлөштү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев  менен Франциянын президенти Еммануэль Макрон  телефон аркылуу сүйлөшүүдө Армения  -  Азербайжан фронтундагы кагылышууларды карап чыгышты.

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка караганда Алиевге телефон чалган Макрон Армения  -  Азербайжан фронтунда болгон кагылышуулардан улам тынчсыздангандыгын, маселенин сүйлөшүү жолу менен чечилиши керектигин белгиледи.  

Алиев да Армения башкаруусунун сүйлөшүү процессин атайылап бузгандыгын, Николь Пашиняндын : «Тоолуу Карабах Армениянын»,- деген билдирүүсүнүн процесске тескери сокку ургандыгын айтты.

Армения армиясынын 27 -  сентябрда Азербайжандын позицияларын жана жарандык отурукташуу жерлерин аткылаганыдыгын, натыйжада жарандык жана аскердик жоготуулардын болгондугун белгилеген Алиев Азербайжан армиясынын да буга жооп катары каршы чабуулга өткөндүгүнө көңүлдөрдү бурду.

Алиев чыккан окуядан Армения башкаруусунун жооптуу экендигин баса белгиледи. Сүйлөшүүдө Алиев жана Макрон дипломатиялык каналдар аркылуу байланыш куруу тууралуу келишти.



Тектеш кабарлар