Эрсин Татар Кипр түрк калкы Түркиянын кепилдигинен баш тартпай турганын билдирди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Премьер-министри Эрсин Татар, TRT Haber каналына Чыгыш Жер Ортолук деңизинде болуп жаткан окуяларды түшүндүрдү.

1489739
Эрсин Татар Кипр түрк калкы Түркиянын кепилдигинен баш тартпай турганын билдирди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Премьер-министри Эрсин Татар, Кипр түрк элинин Түркиянын  кепилдигинен эч качан баш тартпай турганын айтты.

TRT Haber каналына Чыгыш Жер Ортолук деңизинде болуп жаткан окуяларды түшүндүргөн Татар, аймактагы укуктар менен кызыкчылыктардын абдан маанилүү экенин, акыркы бир нече жылдан бери Түркия Республикасынын барган сайын чечкиндүүлүгүн көрсөткөнүн кеп кылды.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде, Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын биргелеше бул байлыктын бардыгына ээлик кылуусу улуттук байлыктарынын жана кызыкчылыктарынын консолидациялангандыгын көрсөткөн кызматташтык келишими боюнча Татар: «Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана түрк эли буга абдан кубанычта. Эл аралык укук, деңиз укугу, адилеттүүлүк, абийирди караганыбызда биз ар дайым айтабыз бул чөлкөмдө континент катары  жана ошондой эле Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги жээги катары үстөмдүк кылуучу Түркия Республикасы болуп саналат»,-деп айтты.

Кипр түрк эли Түркиянын кепилдигинен эч качан баш тартпай турганын баса белгилеген ТКТРнын премьер-министри: «Түркия Республикасы эч качан алардын кепилдиктеринен баш тартпай тургандыгын өзү айтты»,- деди.

Татар, аймактык тең салмактуулуктардын талабы боюнча  Түркия  менен шайкеш иштешүү керектигин белгилеп, «Түркиядан бөлүнүп калсак, ошондо коркунучка түшөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар