Түрк Кеңеши менен ДССУ келишим түздү

Башкы катчы Амреев менен ДССУнун Европа боюнча аймактык директору Ханс Анри Клюгенин ортосунда жыйын өткөрүлдү.

1489308
Түрк Кеңеши менен ДССУ келишим түздү

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши (Түрк Кеңеши) менен Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДССУ) Европадагы Аймактык бюросунун ортосунда кызматташтыкты өркүндөтүү максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Түрк Кеңешинин билдирүүсүнө караганда, башкы катчы Багдад Амреев менен ДССУнун Европа боюнча аймактык директору Ханс Анри Клюгенин ортосунда видеолуу жыйын болуп өттү.

Жыйында Түрк Кеңешинин коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы күрөшүү боюнча иш-аракеттерине токтолгон Амреев, мүчө мамлекеттердин саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыгын координациялоо үчүн Саламаттык сактоо боюнча координациялык комитет,  Ковид-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык өнүгүүгө терс таасирин азайтуу үчүн Камсыздоо чынжыры тобу менен Ковид-19 сыяктуу кооптуу инфекцияларга каршы күрөштө координацияны кеңейтүү максатында илимпоздордон жана эксперттерден турган Ден-соолук боюнча илимий топ түзүлгөнүн белгиледи.

Амреев жыйналышта эки уюмдун ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу менен бирге, бул текст келечектеги кызматташуунун укуктук негизин түзөт деп билдирди.

Клюге да Түрк Кеңеши менен кызматташкандыктары үчүн абдан кубанычта экендиктерин билдирип, Стамбулда ачылган жана Европа чөлкөмүндөгү 53 өлкөнү камтыган ДССУнун кеңсеси аркылуу кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү алдыга жыларын жана кийинки мезгилде Түрк Кеңеши менен ДССУнун ортосунда көптөгөн биргелешкен долбоорлор ишке ашырыла тургандыгын билдирди.

Кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумуна эки уюмдун консультациялары, калктын саламаттыгы боюнча маалыматтарды бөлүшүү, биргелешкен иш-чараларды жана семинарларды уюштуруу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен отчетторду даярдоо кирет.



Тектеш кабарлар