YTBнын төрагасы Эрен: «Греция Батыш Фракияда жашыруун ассимиляциясын улантууда»

Греция Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кырдаалды күчөтүп жатканда, Батыш Фракиядагы түрк азчылыгына кысымын дагы күчөттү.

1488412
YTBнын төрагасы Эрен: «Греция Батыш Фракияда жашыруун ассимиляциясын улантууда»

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) төрагасы Абдуллах Эрен, Афинанын администрациясы Батыш Фракияда ассимиляция саясатын жүргүзүп жатканын айтты.

Греция Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кырдаалды күчөтүп жатканда, Батыш Фракиядагы түрк азчылыгына кысымын дагы күчөттү.

Түрк мектептери жабылды, түрктөр жашаган Гөкчепынар айылы куралдуу грек аскерлери тарабынан машыгуу аянтчасына айландырылып кысымга алынды.

Грециянын түрк азчылыгына жасаган кысымы жаңы эмес. Эл аралык келишимдерди бузуу менен бул саясатын бир нече жылдан бери ырааттуу жүргүзүп келе жатат.

YTB ​​төрагасы Абдуллах Эрен, Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыңалууда Грециянын эл аралык укукту тебелегенин көргөнүн айтты. Бул абалдын жаңы эмес экендигин айткан Эрен: «Греция Батыш Фракия түрк азчылыгына байланыштуу 1960-жылдардан кийинки хунта режими баштаган тажрыйбаларды улантып, эл аралык укукту этибарга албай, өзүлөрүнүн жергиликтүү мыйзамдарына негиз түзүп, түрк азчылыгынын укугун жоюуну улантууда. Бул көп жылдардан бери ушундай. Бул жаңы жагдай эмес»,-деп айтты.

Афинанын бир нече жылдан бери тымызын ассимиляция саясатын жүргүзүп келе жаткандыгын белгилеген Эрен, «Түрк азчылыгынын 1970-80-жылдары лицензия алуусуна, соода жүргүзүүсүнө, курулуш куруусуна, ал тургай үйлөрүнө телефон линиясын тартууга дагы тыюу салынган. Бул эң жөнөкөй нерселер, бирок тымызын ассимиляция саясаты уланууда»,- деди.

Түркиянын Батыш Фракиядагы түрктөрдү колдогонун дагы бир жолу эске салган Эрен, тектештердин укуктарын жана мыйзамдарын коргой тургандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар