Түрк доктурлары Өзбекстандын Ковид-19 менен күрөшүүсүн колдоп жатат

Өткөн айдын аягында Өзбекстанга барган 9 адис врач, 6 саламаттык сактоо персоналы жана 1 биомедициналык инженерден турган Түркиянын саламаттыкты сактоо тобу, Өзбекстандын ар кайсы шаарларында кызмат көрсөтүүдө.

1488332
Түрк доктурлары Өзбекстандын Ковид-19 менен күрөшүүсүн колдоп жатат

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалган 16 түрк дарыгери Өзбекстандын коронавирустун жаңы түрүнө каршы күрөшүн колдоо максатында өлкөнүн ар кайсы ооруканаларында ишин улантууда.

Өткөн айдын аягында Өзбекстанга барган 9 адис врач, 6 саламаттык сактоо персоналы жана 1 биомедициналык инженерден турган Түркиянын саламаттыкты сактоо тобу, Өзбекстандын борбору Ташкентте Ковид-19 бейтаптары үчүн курулган 4 миң орундуу ооруканадан тышкары, өлкөнүн Фергана, Анжиян, Наманган, Самарканд жана Кашкадарыя провинцияларындагы ооруканаларда өзбек бейтаптарын дарылайт.

Педиатрлардан, реанимациядан, наркоздон, көкүрөк ооруларынан, жугуштуу оорулардан, шашылыш жардамдан, ички органдардан жана коомдук саламаттыкты сактоо адистеринен турган түрк дарыгерлери, видео конференция аркылуу катышкан жолугушууларда өзбек кесиптештери менен өз билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшүп, ооруну дарылоо боюнча суроолоруна жооп беришет.

Өзбекстанда 28-августта ишин баштаган түркиялык дарыгерлер жуманын аягына чейин өлкөдө ишин улантышат.



Тектеш кабарлар