Кыргызстанда Түркия стипендиялары үчүн маектешүүлөр уланууда

YTB ​​вице-президенти Саид Юсуф, Анадолу Агенттигине (AA), Түркиядагы бакалавр, магистратура жана докторантура студенттерин кабыл алуу үчүн, студенттерди маектешүү аркылуу белгилөө үчүн  Кыргызстанга келгендерин билдирди.

1485679
Кыргызстанда Түркия стипендиялары үчүн маектешүүлөр уланууда

Түркиянын эң абройлуу жогорку окуу жайларында окуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган  Чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) жол башчылык кылган «2020 Түркиянын стипендиялары» үчүн интернет аркылуу кайрылган кыргызстандык студенттердин адистерден турган топ менен маектешүүлөрү уланууда.

YTBнын ​​башчысынын орун басары Саид Юсуф, Анадолу Агенттигине (AA), Түркиядагы бакалавр, магистратура жана докторантура студенттерин кабыл алуу, студенттерди маектешүү аркылуу белгилөө үчүн  Кыргызстанга келгендерин жана  Бишкекте башталган маектешүү процесси Ош шаарында улантыларын белгиледи.

Юсуф, 2020-жылы 171 өлкөдөн 160 миңдей эл аралык студенттердин Түркияда билим алуу үчүн YTB  стипендиясына кайрылганынын маалыматын бөлүштү.

Ушул жылы YTB «Түркия стипендиялары» программасына кыргызстандык 1250 студент кайрылганын жана арасынан тандалып алынган 179 студенттин маектешүүгө чакырылганын  айткан Юсуф, маектешүүлөрү  ийгиликтүү өткөн талапкерлердин  Түркияга келүүгө укуктуу болоорун баяндады.

Кыргызстандагы ийгиликтүү жаштардын  биринчи даражадагы артыкчылыктуу өлкөсү Түркиянын болуусун каалай тургандыгын билдирген Юсуф, «Түркия билим берүүдө инфраструктурасы жана жабдуулары бар өлкө»,- деди.

Юсуф: «Түркияга келген талапкерлер, биринчи жылы өтүүчү тил курстары менен түрк тилин үйрөнгөндөн кийин жасаган артыкчылыктарына жараша университеттерге жайгаштырылат. Бакалавр, магистратура,  докторантура жана илимий изилдөөлөргө берилген Түркия стипендияларына,  студенттердин жатакана жана тамак-аш муктаждыктары менен ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды камтылат. Стипендия алуучуларга Түркияда жүргөндө медициналык камсыздандыруу дагы жасалат. Окуучулардын Түркияга алгачкы келүү билеттери менен окууну бүтүргөндөн кийин өлкөсүнө кайтуу билеттери дагы YTB  тарабынан камсыздалат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар