ТКТР АКШнын ТКР башкаруусунун курал эмбаргосун жоюшуна каршылык көрсөттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасы  АКШнын Түштүк Кипр Рум башкаруусуна карата курал эмбаргосун жоюшун айыптады.

1483410
ТКТР АКШнын ТКР башкаруусунун  курал эмбаргосун жоюшуна каршылык көрсөттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасы  АКШнын Түштүк Кипр Рум башкаруусуна карата курал эмбаргосун жоюшун айыптады.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер  - министри Эрсин Татар бул тууралуу маалымат берип буларды айтты : «АКШнын рум тарабына 2020-жылдын 1 -  октябрынан 2021- жылдын 30-сентябрына чейин Грецияга  курал сатууга коюлган чектөөнү жоюшу туура эмес чечим. Аймактагы рум  - грек провокациялары күчөгөн мезгилде мындай чечимди кабыл алуу АКШ сыяктуу Бириккен Улуттар Уюмунун  Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон бир өлкөгө жарашпайт.

Бул чечимдин тынчтыкка эмес, рум тарабынын келишпестигине салым кошору ачык. АКШны айыптап, дароо бул жаңылыштыктан кайтууга чакырам. Бирок Түркия жана ал колдогон Түндүк Кипр Түрк Республикасы эч качан өз укуктарынан баш тартышпайт, муну баары билсин.

Негизги аткарылышы керек болгон нерсе чыңалууну күчтөтүү эмес, чындыктарды көрүү менен тынчтык жолуна баруу».

АКШ Түштүк Кипр Рум башкаруусуна 1987 -  жылдан бери курал эмбаргосун киргизген болчу.



Тектеш кабарлар