Акар жана ТКК командирлери Азербайжанда

Хулуси Акар менен ТККнын командирлик баскычы  алгач Азербайжандагы жолугушууларынын алкагында борбор шаар Бакудагы Фахри Хыябанга барды.

1472227
Акар жана ТКК командирлери Азербайжанда

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн (ТКK) командирлик тобу менен Азербайжанга барды.

Министр Акарды коштогон делегациянын курамында Башкы штабдын башчысы, армия генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрдүн командири, армия генералы Үмит Дүндар, деңиз күчтөрүнүн командири, армия адмиралы Аднан Өзбал жана аба күчтөрүнүн командири, армия генералы Хасан Күчүкакйүз орун алды.

Хулуси Акар менен ТККнын командирлик баскычы  алгач Азербайжандагы жолугушууларынын алкагында борбор шаар Бакудагы Фахри Хыябанга барды.

Акар маркум президент Гайдар Алиевдин мүрзөсүнө гүлчамбар  койду, ошондой эле Алиевдин жубайы Зарифа Алиеванын бейитине гүл койду. Министр Акар менен командирлердин кийинки аялдамасы Шейиттер Хыябаны болду.

Азербайжан жана түрк шейиттери көрүстөнүн зыярат кылган Акар жана TКК командирлери бир мүнөттүк таазим кылышып, түрк шейиттеринин көрүстөнүндөгү мүрзөлөргө гүлдөрдү коюшту. Ардак китебине кол койгон министр Акар: «Асыл түрк элинин баатыр уулдары, биздин ыйык шейиттерибиз, сиздер Азербайжан түрк боордошторубуз менен бирге Азербайжандын көз карандысыздыгы жана эркиндиги үчүн жаныңарды аябай күрөштүңүздөр жана шейиттик деңгээлине жеттиңиздер. Сиздин эрдигиңиз жана курмандыгыңыз ар дайым «эки мамлекет бир улут» экендигибиздин, мындан кийин дагы кайгы жана кубанычыбызда дайыма бирге боло турганыбыздын ачык далили болуп саналат. Ийиндеше согушкан жана жанаша шейит болгон азербайжандык туугандарыбыз менен түбөлүк жайыңызда жайлуу жатыңыздар. Баатырдык жана курмандыктарыңыз муундан муунга унутулбайә эскерилет. Сиз баатыр шейиттерибизди жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болсун. Жаныңар жаннатта болсун!»

Сапардын жүрүшүндө Азербайжандын Коргоо министри генерал Закир Хасанов дагы Акар жана TКК командачылыгын коштоп жүрдү.



Тектеш кабарлар