Акар: «Түркия Арменияга каршы Азербайжанды ар дайым колдойт»

Министр Акарды өзүн коштогон командирлер менен бирге машыгуу өткөн жерге барды.

1472400
Акар: «Түркия Арменияга каршы Азербайжанды ар дайым колдойт»

 

 

Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын Арменияга каршы Азербайжан тарапта экенин айтты.

Министр Акарды өзүн коштогон  Башкы штабдын башчысы, армия генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрдүн командири, армия генералы Үмит Дүндар, деңиз күчтөрүнүн командири, армия адмиралы Аднан Өзбал жана аба күчтөрүнүн командири, армия генералы Хасан Күчүкакйүз менен бирге өздөрү байкап жатышкан Түркия-Азербайжандын чыныгы ок аткан биргелешкен батальондук тапшырма күчтөрүнүн машыгууларын байкоо күнүнүн бүткөрүлүшүнөн кийин машыгууга катышкан аскерлер менен жолукту.

Акар: «Муну ачык айтып койгум келет, өткөн жылдарда бүткүл дүйнөнүн көз алдында Хожалыда геноцид жасаган жана Тоолуу Карабакты эч кандай юридикалык негизсиз же легитимсиз басып алган Арменияга каршы Азербайжандын, Азербайжандык жолдошторубуздун жанында түбөлүк болобуз. Азербайжан жалгыз эмес»,- деди.

Машыгуу өз максатына ийгиликтүү жеткендигин белгилеген Акар, «Ушул жана мындан ары жасала турган машыгуулар дүйнөгө эки боордош мамлекеттин коркунучтарга жана коркутууларга каршы жалпы позициясын көрсөтүп турат»,-деп айтты.

Машыгуу боюнча өз баа-пикирлерин бөлүшкөн Акар, Товуздагы каргашалуу кол салууда шейит кеткендердин бардыгын жана эгемендүүлүк жана көз карандысыздык үчүн жанын берген курман болгондорду жана түбөлүккө өткөн баатыр ардагерлерди эскерип «Хамыныз саламат жана йакшы галын»  деп сөзүн Азербайжан тилинде аяктады.

Азербайжандын Коргоо министри Закир Хасанов, Азербайжан менен Түркия бир улут, бир дин, тил жана бирдей маданиятка ээ деп айтты.

Хасанов машыгуунун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, «TКК - дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын бири жана бул биздин мүмкүнчүлүгүбүз. Бул тажрыйбаны ушул күчтүү армия менен бөлүшүп жатканыбызга кубанычтабыз. TКК өзүнүн күчүн бүгүн бүткүл дүйнөгө көрсөттү. Сирияда, Иракта, Ливияда. Кудай буюрса, Түркиянын Куралдуу Күчтөрүнүн колдоосу менен Азербайжандын анын куралдуу күчтөрү дагы ыйык милдетин аткарышат. Убагы келгенде бир мамлекеттин куралдуу күчтөрү ыйык милдетин аткарышат деп ишенем»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар