Абдуллах Эрен Фуад Мурадов менен онлайн жыйын өткөрдү

Абдуллах Эрен : "Бир улуттун эки диаспорасы болбойт".

1470537
Абдуллах Эрен Фуад Мурадов менен онлайн жыйын өткөрдү

Өлкө тышындагы түрктөр жана тектеш коомдор башкармалыгынын төрагасы Абдуллах Эрен Азербайжан диаспора иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Фуад Мурадов менен онлайн жыйын өткөрдү.

Азербайжан диаспора иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Фуад Мурадов менен онлайн жыйында сүйлөшкөн Абдуллах Эрен : «Бир улуттун эки диаспорасы болбойт. Түрк улуту, дүйнөнүн кай жеринде болсо болсун ар дайым биргеликте жана дос, боордош Жан Азербайжандын жанында»,- деди.

Азербайжан диаспора иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Фуад Мурадов менен өткөргөн жыйындан кийин Азербайжан массалык маалымат каражаттарына маалымат берген Абдуллах Эрен жыйында эки өлкө диаспораларынын ортосундагы кызматташууга жана Армениянын Азербайжан жерлерине карата кол салуулары тууралуу токтолушкандарын белгиледи.

Армениянын кол саалуусунда каза болгон аскер  - жаран бардык шейиттер үчүн дуа кылган Эрен Армениянын кол салууларын катуу айыптагандыгын айтты.

Түркиянын Президенти Р. Т. Эрдоган менен Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин лидерлигинде эки өлкөнүн ортосундагы жакын карым  - катнаштарга эки өлкөнүн  тийишелүү диаспора мекемеси катары салым кошууга аракет кылышкандарын белгилеген Эрен бул жагдайда өзгөчө акыркы 2 жылда маанилүү иштерди аткарышкандарын айтты.

«Түрк Кеңешинин негизинде Түркияда диаспорадан жооптуу комитет башчылары/ министрлер жыйынын өткөрдүк. Берлинде, Нью – Йоркто диаспораларыбызды жолугуштурган жарандык коом жыйындарын өткөрдүк. Кызматташуубузду арттырууга карата иштерибизди жүргүзүүдөбүз»,- деген Эрен Өлкө тышындагы түрктөр жана тектеш коомдорунун Түркия стипендияларынын негизинде Түркияда билим алып жаткан азербайжандык студенттерге да чоң маани беришкендерин айтты.

Абдуллах Эрен дүйнөнүн түрдүү жерлериндеги Түркия жана Азербайжан диаспораларынын Армениянын кыймылдарына биргеликте каршылык көрсөтүп, Армениянын Азербайжан жерлериндеги адилетсиз баскынчылыгын бүткүл дүйнөгө биргеликте түшүндүрүшкөндөрүнө көңүлдөрдү буруп  : «Бир улуттун эки диаспорасы болбойт. Түрк улуту дүйнөнүн кай жеринде болсо болсун ар дайым биргеликте, дос жана бир тууган Жан Азербайжандын жанында»,- деди.

 Акыркы жолу Түркиянын Армениянын кол салуусуна каршы эң башынан бери каршылык көрсөткөнүн жана түрк калкынын да ар дайым Азербайжан менен бирге экендигин эске салган Эрен Түркиянын диаспора мекемеси болгон Өлкө тышындагы түрктөр жана тектеш коомдор башкармалыгынын да иш тармактарында аткарган эмгектери менен Азербайжандын жана Азербайжан калкынын доосунун жанында болорун айтты.

 



Тектеш кабарлар