Түркиядан ТКТР,Азербайжан,Кыргызстан жана Казакстанга медициналык жардам...

Түркия, кол коюлган келишимдердин алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР), Азербайжан, Кыргызстан жана Казакстанга ар кандай медициналык буюмдарды белекке берет.

1468039
Түркиядан ТКТР,Азербайжан,Кыргызстан жана Казакстанга медициналык жардам...

Түркия, коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР), Азербайжан, Кыргызстан жана Казакстанга ар кандай медициналык буюмдарды белекке берет.

8-июлда Анкара шаарында кол коюлган "Түркия Республикасы менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн саламаттык сактоо чөйрөсүндө гранттык макулдашуу" чечиминин күчүнө кириши Расмий гезитте жарыяланды.

Буга ылайык, Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасына  5 тез жардам унаасы, 10 вентилятор, 20 миң ПЦР аныктоочу комплект, 20 миң вирустук нуклеин кислотасын изоляциялоочу комплект, 100 миң хирургиялык беткап, 50 миң N95 беткап, 20 миң комбинезон, 2 кабиналуу ПЦР аппаратын берет.

Ошондой эле, 6-июлда Анкара шаарында кол коюлган "Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда саламаттык сактоо тармагына грант берүү жөнүндө макулдашуу" күчүнө кириши жөнүндө чечим Расмий гезитте жарыяланды.

Келишимге ылайык Түркия Азербайжанга 30 вентилятор, 35 миң комбинезон, 50 миң N95 беткап, 100 миң хирургиялык беткап,  5 миң көз айнек, 200 миң кол кап, 40 миң куту дары-дармектер грант катары берилет.

7-июлда Анкара шаарында кол коюлган "Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо тармагында грант берүүчү чөйрөдө ишке ашырыла турган меморандумдун күчүнө кириши" тууралуу чечим Расмий гезитте орун алды.

Буга ылайык, Түркия Кыргызстанга 20 вентилятор аппаратын, 50 миң N95 беткап, 100 миң хирургиялык беткап, 35 миң комбинезон, 2 миң бет калканы, 20 миң ПЦР аныктоочу комплект, 20 миң вирустук нуклеин кислотасын изоляциялоочу комплект, 10 миң куту дары, 50 кол үлгүсүндөгү кычкылтек концентраторун грант катары берет.

1-жана 7-июлда Анкара шаарында, «Түркиянын жана Казакстандын ортосунда саламаттык сактоо жаатында грант жөнүндө меморандумдун» күчүнө кириши тууралуу Расмий гезитте жарыяланган чечимге ылайык Түркия Казакстанга 3 вентиляторду грант катары берет.



Тектеш кабарлар