Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды

Биринчи май райондук сотунун тергөө абагынын судьясы Эмилбек Кайыповдун жетекчилигинде өткөн  сот отурумуна камоодогу Алмазбек Атамбаев киргизилген эмес, ал эми камоосуз соттолуучулар катышышты.

1441587
Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды

Кыргызстандагы кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна жооптуу болгон экс-президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды.

Биринчи май райондук сотунун тергөө абагынын судьясы Эмилбек Кайыповдун жетекчилигинде өткөн  сот отурумуна камоодогу Алмазбек Атамбаев киргизилген эмес, ал эми камоосуз соттолуучулар катышышты.

"Коррупциялык желе түзгөнү" үчүн камакка алынган Атамбаев 11 жыл 2 айга түрмөгө кесилди.

Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо учурунда, бардык мамлекеттик сыйлыктарынын дагы кайтарылышына өкүм чыгарылды.

Өлкөдөгү түрмөлөрдө оор салмагы бар жана 8 жыл түрмөдө отурган чечен тектүү Батукаев  2013-жылдын апрелинин башында бошотулган жана анын Чеченстанга атайын  учак менен учканына коомчулуктун реакциясы жаралган.

2011-2017-жылдары президент болгон Атамбаев 2019-жылы 8-августта полициянын операциясы менен кармалган.



Тектеш кабарлар