Элчи К.Өмүралиевдин Ван кыргыздарын кабыл алуусу

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Ван аймагынын Эржиш районунун Улупамир айылынын этникалык кыргыздар тобу менен жолугушуусу болуп өттү.

1440013
Элчи К.Өмүралиевдин Ван кыргыздарын кабыл алуусу
элчи улупамир2.jpg

2020-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Ван аймагынын Эржиш районунун Улупамир айылынын башчысы Айтбай Эйюпхан жана Рахманкул хандын уулу Мухаммет Ариф Кутлу баштаган этникалык кыргыздар тобу менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуу учурунда Айтбай Эйюпхан мырза Улупамир айыл жамаатынын атынан салам айтып, 2019-жылдын 10-12-июнунда элчи К.Өмүралиевдин Ван аймагына болгон иш сапарынын алкагында провинциянын жетекчилиги менен жетишилген макулдашуунун натыйжасында, жергиликтүү бийликтер тарабынан аймактагы этникалык кыргыздарга турак жай куруу жана айыл чарба муктаждыктары үчүн кошумча 270 га жер тилкеси бѳлүнүп берилгенин белгилеп аталган маселени чечүүдө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Өз кезегинде элчи К.Өмүралиев элдин жалпы абалын сурап, Улупамир айылында Covid-19 илдетине чалдыккандар жок экенин кубаныч менен кабыл алды.

Маалымат катары; 1978-жылы Рахманкул хандын демилгеси менен памирдик кыргыздардын бир бѳлүгү Ооганстандан Пакистанга көчүп келишкен, бирок Вахан өрөөнүнүн климатына кѳнүп калып, жаӊы ысык аба-ырайы шарттарына көнө алышкан эмес. 1983-жылы Түркия Республикасынын Ѳкмѳтү Улупамир айылын негиздеп Түркиянын чыгышындагы Ван провинциясынын Эржиш районунан жер бѳлүп берген.

Учурда Улупамир айылында кыргыз тилин жана улуттук салттарын сактап келген үч миӊге жакын этникалык кыргыздар отурукташкан. «Вандык» кыргыздардын бир бөлүгү Стамбул шаарында, акыркы жылдары Анкаранын Чубук районунда жана Түркиянын борбордук аймактарында (миӊге жакын) отурукташкан.



Тектеш кабарлар