Украина Парламенти "Крым Татар сүргүнүн геноцид деп тааныган" мыйзам долбоорун кабыл алды

Парламентте сүйлөшүлгөн мыйзам долбоору  450 эл өкүлүнөн 310нун «макул» добушу менен кабыл алынды.

1428263
Украина Парламенти "Крым Татар сүргүнүн геноцид деп тааныган" мыйзам долбоорун кабыл алды

Украина Парламенти Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана эл аралык уюмдарды Крым татарларынын сүргүнүн геноцид деп таанууга чакырган долбоорду кабыл алды.

Парламентте сүйлөшүлгөн мыйзам долбоору  450 эл өкүлүнөн 310нун «макул» добушу менен кабыл алынды.

Мыйзамга ылайык БУУ, Европа Парламенти, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясы, НАТОнун Парламенттик Ассамблеясы, Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Парламенттик Ассамблеясы жана эл аралык өкмөттөр, 1944-жылдагы Крым Татар сүргүнүн геноцид деп таанууга жана 18-майдагы Крым Татар сүргүнүнүн курмандыктарын эскерүү күнү катары жарыялоого чакырат.

Айрыкча мыйзамда эл аралык уюмдар жана өкмөттөр, Крымдын аннексияланышы жана Крым Татарларынын укук жана эркиндиктерин бузгандыгы себеби менен Орусия Федерациясына каршы кошумча чараларды көрүүгө жана айыптоого чакырды.

Крым Татар сүргүнү

Ал убактагы Советтер Союзунун Мамлекет Башчысы Иосиф Сталиндин буйругу менен 1944-жылы 18-майда Крым жарым аралында жашаган Крым татарлары, Өзбекстан, Сибирь жана Казакстан сыяктуу Орто Азиянын ичкерисиндеги түздүктөргө жана эмгек лагерлерине сүргүнгө айдалды.

Булактарда 250 миңден ашуун Крым Татарынын Советтик аскерлер тарабынан түн ортосунда үйлөрүнөн тышка чыгарылып сүргүнгө айдалганы, жаман жол шарттарынын себебинен жарымындайы жолдордо каза болгону жана сүргүн жерлерине жеткендердин да жарымына жакыны жаман жашоо шарттарынын айынан каза болгону жазылган.



Тектеш кабарлар