Түрк Кеңеши жашап туруу эрежелеринин бузулушу тууралуу маселелерди карап чыкты

Түрк Кеңешине кирген өлкөлөрдүн миграция башкаруусу жаңы тип коронавирус эпидемиясы мезгилинде виза жана жашап турууга уруксатты бузган жарандарды административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартпоо чечимин чыгарды.

1413436
Түрк Кеңеши жашап туруу эрежелеринин бузулушу тууралуу маселелерди карап чыкты

 Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу кеңеши Түрк Кеңешине кирген өлкөлөрдүн миграция башкаруусу жаңы тип коронавирус эпидемиясы мезгилинде виза жана жашап турууга уруксатты бузган жарандарды административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартпоо чечимин чыгарды.

Азербайжан мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Вусал Хусеинов модератор болгон видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн жыйынга Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, Түркия миграция башкаруусунун башкы директору Абдуллах Аяз, Казакстандын миграция кызматы комитетинин төрага орун басары Сабыржан Сеитжанов, Кыргызстан миграциялык мамлекеттик комитетинин төрагасы   Болотбек Ибраимжанов, Өзбекстандын жумуш менен камсыз кылуу жана эмгек карым – катнаштары министрлигинин тышкы жумушчу күчү, миграция департаментинин  төрагасы Бахтиёр Турсунов жана Венгриянын чет элдиктер полициясынын улуттук дирекциясынын директорунун орун басары Йозсеф Серес катышты.

Жетекчилер бири биринде калган жарандарында эпидемиянын тескери таасирин карап чыгышып, жашап туруу уруксат документи, виза жана миграция тууралуу башка маселелерди чечүү үчүн көрүлө турган орток чараларды сүйлөшүп, тийиштүү маселелер тууралуу пикир алышууларда болушту.

Тараптар бул процессте виза жана жашап туруу уруксатын бузган жарандардын административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы боюнча бирдей пикирге барышты.  

Аэропорттор жана чек арадан өтүү жерлериндеги күтүү аймактары жана бири биринин чектеринде калган жарандарга жардам жана миграциялык мүмкүнчүлүктөрдү берүүнүн маанисин бергилеген тараптар мигранттардын ал өлкөдө нормалдуу убакыт чегинен дагы көп калуусуна уруксат берилип, миграциялык шарттардын убактылуу түрдө жеңилдетилиши тууралуу да келишишти.

Жыйында Миграциялык координация тобунун түзүлүшү жагдайында да келишим түзүлдү.



Тектеш кабарлар