Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөр жергиликтүү акча менен соодалашат

Соода министри Рухсар Пекжан, Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн экономика, соода жана бажы министрлери менен видео конференция ыкмасында жыйналыш өткөрдү.

1412237
Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөр жергиликтүү акча менен соодалашат

Түрк Кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосунда жергиликтүү акча менен сооданын жайылтылышы аркылуу иш дүйнөсүнүн валюта табуу кыйынчылыгы жоюлмакчы.

Соода министри Рухсар Пекжан, Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн экономика, соода жана бажы министрлери менен видео конференция ыкмасында жыйналыш өткөрдү.

Министр Пекжан, жыйналышта Түрк Кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосунда жергиликтүү акчалар менен сооданын жайылтылышы аркылуу иш дүйнөсүнүн валюта табуу кыйынчылыгын жоюга боло турганын айтты.

Пекжан, Түрк Кеңешинин мүчөлөрүнүн жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) мезгилинде тышкы соодада темир жолдорунун дагы таасирдүү колдонулушу үчүн биргелешип иш алып баруулары керектигин белгиледи.

Пекжан: «Түрк Кеңешинин мүчөлөрү катары алдыбыздагы мезгилде эки тараптуу жана аймактык тейлөө соодасы, инвестиция жана электрондук соода келишимдерине алдыңкы орунду беришибиз зарыл»,деген серебин салды.

 



Тектеш кабарлар