Учурда Кыргызстанга кетүү үчүн кайрылгандар катталууда

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркиядан Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар тууралуу Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев жооп берди.

1391320
Учурда Кыргызстанга кетүү үчүн кайрылгандар катталууда

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын аймагындагы кыргызстандыктар тууралуу.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу жана Түркиядан өз мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев айрым суроолорго жооп берди.

― Ар кандай интернет булактарында, анын ичинен социалдык тармактарда жана ЖМКларда Түркиянын университеттеринде билим берүү процесси токтотулганына байланыштуу жатаканалар жабылып, студенттер жатаканалардан чыгарылып жаткандыгы тууралуу маалыматтар пайда болууда. Ушул айтылгандардын бардыгы чынбы?

― Элчиликтин Түркия Республикасынын Жаштар жана спорт министрлигинин Кредиттер жана жатакана иштери боюнча башкы дирекциясынан (Kredi ve Yurtlar Genel Müdürlüğü) алынган маалыматына ылайык, чындыгында, айрым жатаканалар карантинге жабылып же убактылуу эпидемиологиялык жагдайы жагымсыз болгон өлкөлөрдөн келген жарандарга байкоо жүргүзүү (обсервация) үчүн колдонулууда. Ошол эле учурда, мурда жатаканаларда жашаган студенттер үчүн милдеттүү түрдө ошондой эле деңгээлдеги башка жатаканалардан орун берилүүдө, ал эми айрым жерлерде коопсуздук максатында бир кишилик бөлмөлөргө жайгаштырылууда.

Ал окуу процесси дистанттык негизде уланууда. Мамлекеттик программанын алкагында бюджеттик негизде окуган студенттер белгиленген тартипке ылайык стипендияларын алууда жана ошондой эле жатаканаларда мурдагыдай эле күнүнө 2 маал тамак берилүүдө.

― Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдар убактылуу токтотулганына байланыштуу, айрым жарандар Кыргызстанга кайтып келе албай жатышат. Бул жаатта кандай иштер аткарылып жатат жана мындай абалда эмне кылуу керек?

― Элчилик жана Стамбулдагы Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн жарандардын тизмеси боюнча үстүбүздөгү жылдын 24-мартында эки тараптын тиешелүү органдары менен биргеликте Анталья-Бишкек чартердик рейси аркылуу 197 жарандын Кыргызстанга кайтуусу камсыз кылынган. Эки өлкөнүн тең аба каттамдарга тыюу салганын эске алып, бийликтер менен кошумча чартердик рейсти уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жарандардан жазуу жана оозеки жүзүндө өз мекенине кайтуу жөнүндө кайрылуулар келүүдө, ушул себептен биз Кыргызстанга кайтып баруу ниети менен кайрылган жарандардын тизмесин түзүүнү улантуудабыз. Үстүбүздөгү жылдын 4-апрелине карата Кыргызстанга кайтып барууну каалаган жарандардын жалпы саны 335 адамды түздү.

Чартердик рейсти ишке ашырууга жана уюштурууга бийликтерден уруксат алынгандан кийин, кайрылган жарандарга кошумча маалымат берилет.

 Аба каттамдарынын токтотулушуна байланыштуу виза менен/визасыз жүрүү режимдерин бузган жарандар эмне болот?

― Аба каттамдардын убактылуу токтотулушуна жана бир катар өлкөлөр менен чек аралардын жабылышына байланыштуу Түркияда виза менен жана визасыз жүрүү режимдерин бузган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат Элчилик тарабынан топтолууда. Алынган маалымат түрк тарапбынын кароосуна жөнөтүлөт.

― Түрк-грузин жана түрк-иран чек араларында өтө албай калган Кыргызстандын жүк ташуучу унаалары тууралуу кандай маалыматтар бар?

― Грузиянын өз өлкөсү аркылуу Россияга каттаган автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизгендигине байланыштуу кыргызстандык жүк ташуучулар түрк-грузин чек арасындагы “Сарп” көзөмөл-өткөрмө пунктунда бир жума бою калып калышкан. Ошол эле учурда Грузия тарабынан Азербайжанга каттаган автоунааларга эч кандай чектөөлөр болгон эмес. Үстүбүздөгү жылдын 30-мартында биздин жүк ташуучулар жөнүндө маалымат алынгандан кийин, Элчилик алар менен жана ошондой эле ошол көзөмөл-өткөрмө пунктунун жетекчилиги менен ар дайым байланышта болуп турду.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде жүк ташуучулар түрк-грузин чек арасынан өтүп, Азербайжанга карай жөнөштү. Белгилей кетчү нерсе, үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Элчилик тарабынан жүк ташуучулардын Азербайжан аркылуу кетүүсү сунушталган. Бирок алар кошумча чыгымдар болоорун жана колдо болгон документтер Грузия аркылуу Россияга баруу үчүн гана даярдалгандыгын айтып, баш тартышкан.

Ал эми түрк-иран чек арасындагы 3 жүк ташуучу унаанын маселеси боюнча, алар Ирандын аймагында экенин жана Түркиянын чек арасын кесип өтүүнү кааларын белгилөө керек. Бирок түрк-иран чек арасы бир айдан ашык убакыттан бери жүк ташыган унааларга гана эмес, биринчи кезекте жарандарга жабык. Ошол эле учурда, түрк тарабы өз жарандарын чек ара аркылуу өткөрүп жаткандыгына байланыштуу биздин жүк ташуучулар менен бирге келген түрк айдоочулар Түркияга өтүп кетишкен. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында эле Иран коронавирустун жайылышынын чордонуна айлангандыгына байланыштуу чек ара жабылган. Ирандан же Иранга жүк ташуу темир жол аркылуу гана жүргүзүлүүдө.

Биздин жүк ташуучуларга Азербайжан аркылуу Кыргызстанга кетүү сунушталган. Бирок алар сунуштан баш тартышкан. Элчилик түрк тарапка биздин айдоочулар үчүн уруксат берүү тууралуу расмий түрдө өтүнүчүн жиберген. Бирок, чек арадан өтүшсө да кайтуу кыйынга тураарын жана маселелер болоорун эске алуу керек.

 Учурда Түркияда абал кандай?

― Үстүбүздөгү жылдын 4-апрелине карата Түркияда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 20 миң 921ге жетти, каза болгондордун саны 424, 1251 адам оор абалда, дем алуу аппараты менен жаткандардын саны 867, айыккандардын саны 484, жуктургандардын ичинде 601 адам саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлери. Түркияда биринчи жолу коронавируска кабылган алгачкы жагдай үстүбуздөгү жылдын 10-мартында, ал эми 16-мартта биринчи жолу вирустан көз жумган учур катталган.

Азыркы учурда Туркиянын 81 аймагында вирус жуккан учурлар аныкталып, 40 аймагында өлүмдөр катталган. Жугузгандар жана өлүмдөр эң көп Стамбулда, андан кийин Измирде, Анкарада, Коньяда, Кожаелиде, Ыспартада, Сакарьяда, Аданада, Бурсада, Зонгулдакта, Самсунда, Кайсериде аныкталган. Инфекцияга чалдыккандар эң көп Түркиянын батышындагы жана борборундагы ири шаарларында байкалууда.

Ушул тапта Түркияда өзгөчө кырдаал киргизилген эмес. Ошол эле учурда, өлкөнүн 30 ири шаарында карантин жарыяланган жана 4-апрелден тартып бул шаарларга атайын белгиленген унаалардан сырткары унаалардын кирүүсүнө жана чыгуусуна тыюу салынган. Коомдук жайларда жарандар аз болгондугу байкалууда, 20 жашка чейинки жана 65 жаштан улуу адамдарга, ошондой эле өнөкөт оорулары бар адамдарга көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Президент, мамлекеттик органдар, ошондой эле жеке компаниялардын бир бөлүгү дистанттык түрдө иштөөдө, Президент Өкмөт мүчөлөрү менен телеконференция аркылуу жолугушууларды өткөрүүдө, жумуш орундарында эң аз сандагы кызматкерлер арасында кезекчилик иш тартиби түзүлгөн.

Эл аралык аба каттамдар токтотулуп, ички каттамдар кыскартылган. Коомдук транспорттордун саны азайтылган. Театрлар, кинотеатрлар, соода борборлору, ресторандар, кафелер, оюн аянтчалары жабык. Ооруканалар, дарыканалар жана азык-түлүк дүкөндөрү гана саат 12.00ден 20.00ге чейин кызмат көрсөтүүдө. Коомдук жайларда сөзсүз беткап тагуу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги Түркияда убактылуу окуган, иштеген жана туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасынын коронавирустун жайылышынан калкты коргоо үчүн кабыл алган иш-чаралары боюнча бардык талаптарын аткарууга, эл аралык аба каттамдары кайрадан үзгүлтүксүз түрдө ачылганга чейин убактылуу/туруктуу жашаган жерлеринде калуусун дагы бир ирет өтүнөт.

Коронавирустун Кыргызстанда жана Түркияда жайылышына байланыштуу бардык керектүү маалыматтар дайыма Элчиликтин расмий сайтына жана социалдык тармактарына жайгаштырылууда


Этикеткалар: #Элчи К.Өмүралиев

Тектеш кабарлар