Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөр коронавируска каршы бири-бири менен колдошууда

Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөр бири-бири менен жардамдашып жатканын башкы катчы Амреев билдирди.

1391616
Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөр  коронавируска каршы бири-бири менен колдошууда

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин (Түрк кеңеши) башкы катчысы Багдат Амреев, Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) каршы бири-бири менен колдошуу көрсөткөнүн белгиледи.

Түрк Кеңешинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда башкы катчы Амреев, глобалдык пандемиянын башынан бери Түрк дүйнөсүнүн лидерлеринин бири-бири менен жакын кызматташтык кылгандарына көңүл бурду.

Амреев: «Түркия, Азербайжанга тест комплектилерин жиберген алгачкы өлкө болду. Ушундайча боордош өлкө Азербайжандын бул илдетке чалдыккан алгачкы оорукчандарды аныктоосу үчүн керектүү мүмкүнчүлүктөргө жетүүсүн камсыздады. Түркия ошондой эле Кыргызстандын борбору Бишкектеги «Кыргыз-түрк достук» ооруканасынын Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүүсүнө чечим чыгарды. Өзбекстандан коңшусу Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Казакстан өкмөтү кыргыз жарандарынын Кытай жана Индиядан аба жолу менен эвакуация кылынышына жардам берди»,-деди.

Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин пандемиянын Европада жайылганы жөнүндө кабарлардан дароо кийин Венгрияга медициналык каражат берген алгачкы өлкөлөр болгонун эске салган Амреев: «Түркия, Азербайжан жана Өзбекстан, Венгрияга абдан муктаждыгы болгон бет каптар менен катар бир топ медициналык каражатты камсыздады»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар