Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин кайрылуусу

Коронавируска карата көрүлгөн чаралар.

1388729
Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин кайрылуусу

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Түркия Республикасында 2020-жылдын 27-мартынан тартып эл аралык аба каттамдары мажбур түрдө убактылуу токтотулганына жана ошондой эле Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-мартынан тартып эл аралык чартердик аба каттамдары токтотулганына байланыштуу, Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Түркияда убактылуу окуган, иштеген жана туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасынын коронавирустун жайылышынан калкты коргоо үчүн кабыл алган иш чаралары боюнча бардык талаптарын аткарууга, эл аралык аба каттамдары кайрадан ачылганга чейин убактылуу/туруктуу жашаган жерлеринде калуусун өтүнөт.


Этикеткалар: #Кыргызстан

Тектеш кабарлар