Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикерлигине аял шайланды

Азербайжан Улуттук Парламентинин кезектешкен алтынчы төрайымы бийликтеги Жаңы Азербайжан партиясынын талапкери Сахибе Гафарова болду.

1375799
Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикерлигине аял шайланды

 Азербайжан Улуттук Парламентинин кезектешкен алтынчы спикери бийликтеги Жаңы Азербайжан партиясынын талапкери Сахибе Гафарова болду.

Азербайжан Улуттук Парламенти 9 -  февралда өткөн парламенттик  шайлоодон кийин биринчи отурумун өткөрдү.

Президент Илхам Алиев да катышкан отурумда Улуттук Парламенттин спикери жана орун басарлары шайланды.

Жаңы Азербайжан партиясы тарабынан талапкерлиги сунушталган 55 жаштагы Сахибе Гафарова 125 орундуу парламентте 116 добуш алып Улуттук Парламенттин жаңы спикери болуп шайланды.

Отурумда Жаңы Азербайжан партиясынын депутатыт Али Хүсейинли биринчи орун басар болуп шайланып, көз карандысыз депутаттардын талапкери Адил Алиев менен партияда азчылык болгон партиялардын талапкери Фезали Ибрахимли спикердин орун басарлары болду.

Улуттук Парламенттин жаңы спикери Гафарова 4 – 5 -  мезгилдерде да Шемкир аймагынан депутат болуп шайланган.

Саясатка аралашкандан мурда түрдүү университеттерде мугалим жана башкаруучу болуп иштеген Гафарова заманбап орус жана Америка адабияттары тууралуу адис катары таанылууда. Филолог болгон Гафарованын 70тен ашуун илимий эмгеги жана китептери бар.



Тектеш кабарлар