Эрсин Татар Акынжыга каршылык көрсөттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Премьер-министри Эрсин Татар, Акынжынын Англиянын «Гуардиан» гезитине берген маегинде айткан сөздөрүнө каршылык көрсөтүп, ТКТРнын кипрдик түрктөрдүн эрки менен жашоосу жана даңазаланышы үчүн курулганын белгиледи.

1355879
Эрсин Татар Акынжыга каршылык көрсөттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Премьер-министри Эрсин Татар, ТКТРнын президенти Мустафа Акынжынын болбогон жосунду алдыга түртүп Түркияга карай сындоолорду айтып чыгуусунун шайлоолорду жеңип чыгуу ниети менен жасалган абдан жаңылыш мамиле болгонун белгилеп өттү.

Премьер-министр жана Улуттук биримдик партиясынын башкы жетекчиси Эрсин Татар, жазуу түрүндөгү жарыясында президент Акынжынын Англиянын «Гуардиан» гезитине берген маегинде айткан сөздөрүнө каршылык көрсөтүп, ТКТРнын кипрдик түрктөрдүн эрки менен жашоосу жана даңазаланышы үчүн курулганын белгиледи.

Татар: «Биз элибиз өзүнө эч кандай пайдасы болбогон бул мамилесине керектүү жоопту урматтуу Акынжыны тандабай шайлоодо берет деп ишенебиз»,-деп айтты.

Татар, ТКТРы менен ата мекен Түркиянын ар дайым тууганча, чынчыл кызматташтык кылып жана Кипр темасын бирге жүргүзүүсү керектигин баса белгилеп, «Мындан башка түрдүүсү улутубузга, калкыбызга зыян тийгизет»,-деди.

Президент Акынжынын бул чийинден абдан алыста болгонун, ТКТРнын калкынын коопсуздугуна жана келечегине пайда алып келүүнүн ордуна зыян тийгизгенин белгилеген Татар: «Мунун эң акыркы мисалы, урматтуу Акынжынын «Гуардиан» гезитине берген, румдарга жага бербей калган маеги болду. Урматтуу Акынжы тилекке каршы Кипр маселесинине чечүүчү жол табуу темасында Түркия тарабынан көрсөтүлгөн түшүнүк жана аракеттерди көрмөксөнгө салууда»,-деди.



Тектеш кабарлар