Азербайжандан Түркияга эвакуация үчүн ырахмат айтылды

Азербайжан Кытайдан алып келинген атуулдары үчүн Түркияга ырахматын айтты.

1351595
Азербайжандан Түркияга эвакуация үчүн ырахмат айтылды

Азербайжан Кытайдан алып келинген атуулдары үчүн Түркияга ырахматын айтты.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин жарыясында, коронавирус эпидемиясынын себебинен Кытайдан Түрк жарандары менен чогуу Азербайжандын атуулдарынын да Түрк куралдуу күчтөрүнө  таандык жүргүнчү учагы менен чыгарылып келишинен улам Түркияга ырахмат айтылды.

Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин башкаруулары жана эки өлкөнүн ортосундагы боордоштук рухуна ылайыктуу түрдө Кытайдын Ухань шаарынан өз атуулдарынын да чыгарылганын белгилеген билдирүүдө, «Ушул жагынан алганда тууган Түркияга ырахматыбызды айтабыз. Бул, Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы туугандыктын эң ачык мисалдарынан бири болуп саналат»,-делди.

Эвакуацияланган Азербайжан атуулдарынын 2 апта Түркияда карантинде кармалгандан кийин Азербайжанга кайта тургандары маалымдалды.



Тектеш кабарлар