Армения-Азербайжан чек арасында атышуу болду

Армения армиясынын ок атышпоо эрежесин бузгандыгы белгиленди.

1336962
Армения-Азербайжан чек арасында атышуу болду

Армения-Азербайжан чек арасында армян аскерлеринин аткан огунан Азербайжан армиясынан бир аскер шейит болду.

Азербайжандын мамлекеттик чек ара кызматтары командирлигинин билдирүүсүндө, Газах облусунун Кушчу Айрым айылынын багытында Армения армиясынын ок атышпоо эрежесин бузгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө армян көзгө атарлары тарабынан атылган октон Азербайжан армиясынан бир аскердин шейит кеткендиги кабарланды.



Тектеш кабарлар