Тажикстан менен Ооганстандын ортосунда темир жол салынат

Келишим Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жол долбоорунун ишке ашырылуусу үчүн да маанилүү.

Тажикстан менен Ооганстандын ортосунда темир жол салынат

Тажикстан менен Ооганстан, Пянж дарыясы аркылуу эки өлкөнү бири-бирине байланыштыра турган темир жолдун курулушу үчүн келишимге кол коюшту.

Тажикстандын Транспорт министрлигинин билдирүүсүндө, Тажикстандын Колхозабад жана Ооганстандын Шерхан Бандар шаарларынын ортосунда темир жолдун курулуусун көздөгөн келишимге Тажикстандын транспорт министри Худайар Худайарзаде менен Ооганстандын темир жолдору кызматынын башкы директору Мухаммед Ямо Шамсттын кол койгондугу кабарланды.

Келишимдин Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жол долбоорунун ишке кирүүсү үчүн маанилүү кадам экени белгилеген билдирүүдө, темир жолдун өзгөчө Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жол долбоорунун ишке ашырылуусу үчүн да маанилүү экени баса белгиленди.

Билдирүүдө Пянж дарыясы аркылуу эки өлкөнү бири-бирине байланыштыра турган темир жолдун каржылануусу үчүн Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Европанын Калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлгөндүгү маалымдалды.



Тектеш кабарлар