Гагавуз Жери курулушунун 25 - жылын белгиледи

Ирина Влах гагавуздардын укуктарынын Молдова конститутциясында орун алышы керектигин белгиледи.

1328086
Гагавуз Жери курулушунун 25 -  жылын белгиледи

Молдова республикасына караштуу Гагавуз Жеринин башкармасы  Ирина Влах гагавуздардын укуктарынын Молдова конститутциясында орун алышы керектигин белгиледи.

Борбор шаар Комратта Гагавуз автоном аймагынын курулушунун 25 жылдыгынан улам азем өткөрүлдү. Аземге Гагавуз автоном аймагынын башчысы Ирина Влах менен бирге Түркия Улуттук Парламентинин Түркия  - Молдова Парламенттер аралык Достук группасынын төрагасы Мехмет Алтай, Түркиянын Кишинев элчиси  Гүрол Сөкменсүер, Гагавуз элдик парламентинин төрагасы Владимир Кыса, Молдованын мурунку президенти Петр Лусинский, Гагавуз автоном аймагынын мурунку башчысы Георгий Табунщик жана көп сандаган конок катышты.

Автоном аймактын башкаруучусу Влах бул жерде сөз сүйлөп, Гагавуз автоном аймагынын 1994-  жылы 23 -  декабрда курулгандыгын эске салып : « Гагавуз калкы абдан узун жана кыйын жолдон өттү. Гагавуздар 25 жылдан бери Молдовада улут катары таанылууда. Бул бир гана Гагавуздун эле эмес, жалпы Молдованын майрамы»,- деди. Молдова өкмөтүнүн Гагавуз автоном аймагынын укугун колунан алгандыгына көңүлдөрдү бурган Влах : «Бажы жана салык чогултуу укуктарыбыз колубуздан алынды. Билим берүү жана экономика тармагы тууралуу мыйзамдар тартышылууда. Бул кабыл алынгыс абал жана Комрат менен Кишиневдун арасында 1994 -  жылы түзүлгөн келишимге тескери»,- деди. Влах Гагавуз автоном аймагынын укуктарынын Молдова конституциясында орун алышы керектигин баса белгиледи.

Түркия Улуттук Парламентинин Түркия  - Молдова Парламенттар аралык Достук группасынын төрагасы Мехмет Алтай болсо Түркиянын Гагавуз автоном аймагында бир топ долбоорду ишке ашырышкандарын жана Гагавуз калкына колдоо берүүнү улантарын белгиледи.



Тектеш кабарлар