Казакстан 11 айда 65 миллион тонна нефть экспорттоду

Казакстанда  2023 -  жылы нефть өндүрүүнүн 100 миллион тоннага жетиши күтүлүүдө.

1319058
Казакстан 11 айда 65 миллион тонна нефть экспорттоду

Казакстандын энергия министринин орун басары Асет Магаунов январь  -  ноябрь  мезгилинде 65, 7 миллион тонна нефть экспорттошкондорун  билдирди.

Магаунов Казакстан премьер  - министрлигинин басма сөз борборунда  өткөргөн пресс  - жыйында бул мезгилде өлкөдө 82, 5 миллион тонна нефть өндүрүлгөндүгүн белгилеп : «Жылдын акырына чейин 90, 5 миллион тонна нефть өндүрүлүшү күтүлүүдө»,- деди.

Нефть өндүрүүнүн 60 пайызынын чоң нефть кудуктары Тенгиз, Кашаган жана Карачаганактан алынгандыгын белгилеген Магаунов жылдын 11 айында бул үч кудуктан 50, 1 миллион тонна нефть өндүрүлгөндүгүн билдирди.

Бул жылдын болжолдолгон нефть экспортунун 70, 5 миллион тонна болгондугун айткан Магаунов : «Жылдын 11 айында 65, 7 миллион тонна нефть экспорттолду»,- деди. Магаунов  бул  мезгилде өлкөдө 15, 7 миллион тонна нефтинин рафинериялангандыгын, бул жылдын акырына чейин бул сандын 17 миллион тоннага чыгарылышынын максат кылынгандыгын белгиледи.

Казакстанда  2023 -  жылы нефть өндүрүүнүн 100 миллион тоннага жетиши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар