Түркия Өзбекстанда Алдын ала диагноз коюучу борбор ачат

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Өзбекстан-Түркия саламаттык сактоо тармагында ишкердик форумуна катышты.

1317025
Түркия Өзбекстанда Алдын ала диагноз коюучу борбор ачат

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Өзбекстан-Түркия саламаттык сактоо тармагында ишкердик форумунун алкагында Өзбекстанга барды.

Форумдун алкагында саламаттык сактоо тармагында эки өлкөнүн карым-катнаштарынын өнүктүрүлүшү үчүн 11 келишимге кол коюлду. Саламаттык сактоо туризминде маанилүү кадамдар ташталышына чечим чыгарылды. Түркия, Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте Алдын ала диагноз коюу жана координациялоо борборун ачат. Эки өлкөнүн ортосунда бейтаптардын өткөрүлүшү жана медициналык кызматташтык арттырылат.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Өзбекстандын экспорт жана импорт кылган алдыңкы 5 өлкөдөн бири Түркия экенин эске салды. Өзбекстан менен 2019-жылдын алгачкы үч чейрегиндеги соода көлөмүнүн  былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайызга артканын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар