Билал Эрдоган:«Батыш маданиятынын тартуучулугу менен бирге алдоочу жагы бар»

Түрк Кеңешинин 3-Жаштар фестивалынын ачылышы Стамбулда болду.

1317013
Билал Эрдоган:«Батыш маданиятынын тартуучулугу менен бирге алдоочу жагы бар»

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган, Батыш маданиятынын тартуучулугу менен бирге алдоочу жагы болгонунун жаштар тарабынан түшүнүлүшү керектигин айтты.

Эрдоган, Түрк Кеңеши тарабынан Стамбулда уюштурулган «Түрк Кеңешинин 3-Жаштар фестивалынын» ачылышында Түрк Дүйнөсү өлкөлөрүнүн учурда транспорт жагынан дагы кааланган жерге жете электигин белгилеп, өлкөлөрдүн ортосундагы учак, жүк ташуу транспортун арттыруу темасында жасалышы керек болгондор бар экенин түшүндүрдү.

Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн барган сайын саясий жана маданий жактан бири-бири менен карым-катнаштарын арттырганын кеп кылган Эрдоган, маданий карым-катнаштардын дагы көбөйүшү керектигин белгиледи.

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын дүйнөдө салттык спорттордун күчтөнүшүн каалаганын айткан Эрдоган, 30дан ашуун иш чарага катышуу болгонун жана иш-чараларга 60тан ашуун өлкөдөн өкүл катышканын маалымдады.

Эрдоган, Түрк Дүйнөсүнүн салттык спорттор темасында жакшы базиске ээ болгонун айтып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын төртүнчүсүнүн 2020-жылы Изникте өткөрүлө турганын билдирди.

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев да жаштар саясатынын Түрк Кеңешинин алдыңкы темаларынын арасында орун алганын баса белгилеп, «Жаштар биздин приоритеттүү планыбыз жана келечегибиз болуп саналат. Түрк Кеңешинде жаштар платформасын түзүүгө мажбурбуз»,-деди.

Фестивалда мүчө мамлекеттер Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен конок мамлекеттер Түркмөнстан, Венгрия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан (ТКТР) 150дөн ашуун жаштар орун алышты.



Тектеш кабарлар