Казакстанда түрк кинолору жумалыгы башталды

Казакстандын борбор шаары Нур Султанда «Түрк кинолору жумалыгы» «Узун аңгеме» киносунун көрсөтүлүшү менен башталды.

1308609
Казакстанда түрк кинолору жумалыгы башталды

Казакстандын борбор шаары Нур Султанда «Түрк кинолору жумалыгы» «Узун аңгеме» киносунун көрсөтүлүшү менен башталды.

Юнус Эмре Институту тарабынан Түркия маданият жана туризм министрлигинин кино башкы директорлугунун кошкон салымы менен уюштурулган  иш чаранын биринчи күнүндө бир соода борборунун кино залында Осман Сынав режиссеру болгон «Узун аңгеме» киносу кино сүйүүчүлөр менен жолугушту.

Кинону Түркиянын Нур Султан элчиси Невзат Уянык менен бирге Казакстан парламентинин депутаттары, түрк дипломаттар да көрдү.

Бир жумага созула турган иш чаранын негизинде «Патрон бактылуу болуп аякташын каалайт», «Көпөлөктүн түшү», "Хоккабаз», «Кычкыл алмалар», «Унутуп калсам шыбыра», «Эртугрул 1890» жана «Кызыл жоолук жалжалым» кино сүйүүчүлөргө көрсөтүлөт.

Юнус Эмре Институтунун Нур Султан өкүлү Алмагүл Исине берген маалыматында Казакстанда түрк сериял жана кинолоруна карата абдан чоң кызыгуунун бар экендигин белгилеп : «Бул кызыгууга көңүл буруу менен   иш чараны өткөрүүдөбүз. Эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштардын күчтөнүшү жана тереңдешине салым кошууну максат кылуудабыз»,- деди.

Иш чаранын негизинде жалпы 8 кинонун көрсөтүлөрүн айткан Исина кинолордун арасында мындан мурда Казакстанда эч көрсөтүлбөгөн «Хоккабаз» жана «Кычкыл алмалар»  кинолорунун да орун алгандыгын айтты.

 

 

 



Тектеш кабарлар