Анкарада "Кызыл алма" кино тасмасы көрсөтүлдү

Анкаранын музыка жана көркөм өнөр университетинин чоң залында "Кыргыз киносунун өчпөс жылдыздары"- Сүймөнкул Чокморов жана Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү иш-чарасы өттү.

Анкарада "Кызыл алма" кино тасмасы көрсөтүлдү
Кыргыз киносунун өчпөс эки жылдызы Анкарада эскерилди...
Кыргыз киносунун өчпөс эки жылдызы Анкарада эскерилди...

Анкарада Кыргыз өнөрүнүн өчпөс эки жылдызы-Таттыбүбү Турсунбаева жана Сүймөнкул Чокморов эскерилди.

7-ноябрда Анкаранын музыка жана көркөм өнөр университетинин чоң залында "Кыргыз киносунун өчпөс жылдыздары"- Сүймөнкул Чокморов жана Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги, Түрк маданиятын таанытуу уюму ТҮРКСОЙ жана Анкаранын музыка жана көркөм өнөр университети биргелешип уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Таттыбүбү Турсунбаеванын жеңеси Жыпаркүл Турсунбаева, сүрөт көргөзмөсүн келгендерге түшүндүрүп берди.

Анкаранын музыка жана көркөм өнөр университетинин ректору, проф.др. Эрол Парлак университети жаңы ачылган университет экенин, бул иш-чарага кожоюндук кылгандыгы үчүн абдан сыймыктанганын жана университеттин максаты боордош калктар менен искусство жаатында карым-катнашты чыңдоо болгонун маалымдады. Ошондой эле Манастын 1000 жылдыгында Кыргызстанга барганын жана Чынгыз Айтматов менен таанышуу мүмкүнчүлүгү болгонун белгилеп иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Түрксойдун баш катчысынын орун басары доцент,др. Билал Чакыжы, чогуу көрө турган «Кызыл алма» кино тасмасын тарткан дүйнөгө таанымал кинорежиссер маркум Төлөмүш Океевдин  Кыргызстандын Түркиядагы алгачкы элчиси болгонун, Түрксойдун түптөлүшүнө салым кошконун белгилеп, сүрөтчү жана киноактер Сүймөнкул Чокморов менен театр оюнчусу жана киноактриса Таттыбүбү Турсунбаева кинодо негизги ролдорду аткарганына токтолду.

Кыргыз Республикасынын Анкарадагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаеванын өнөрлөрүнө азын оолак токтолуп Элчилик менен кызматташып жаткан Түрксойго, Университетке ыраазычылыгын билдирди жана Таттыбүбү Эже тууралуу алыстан ат арытып келген Нуркан Турсунбаевден сурап алсаңар болот деген ойлорун бөлүштү.

Түрксойдогу Кыргызстандын өкүлү, Кыргыз эл акыны Кожогелди Кулуев, Түркия калкына өнөрпоздорду таанытып жатып Сүймөнкул Чокморов мурдагы совет доорунда эркек ролун эң мыкты аткарган актер сыйлыгын 4 ирет удаа жеңип алганын мындай актер мурдагы совет доорунда дагы, дүйнөдө дагы болбогонун маалымдады, ал эми Таттыбүбү Турсунбаеванын кыргыз кызынын сулуулугун, жароокерлигин кино жаатында чагылдырган атактуу инсан экенин айтып өттү.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаев, Түркияда өзүнүн экинчи үйүндө жүргөндөй сезгенин, карындашы Таттыбүбү Турсунбаеванын Кыргыз дарама театрында 30дан ашык чыгарманын башкы ролдорун аткарса, кино жаатында 10дон ашык башкы ролду аткарганын маалымдап, анын жаш кеткенине каңырыгы түтөп турду. Ал эми Таттыбүбү 17ге чыкканда ага арнап чыгарган «Ай баратат» аттуу чыгармасын комуз менен аткарып элди суктандырды.

Андан соң «Кызыл алма» кино тасмасын келгендер кызыгуу менен көрүштү.



Тектеш кабарлар